“Эр Төштүктүн” экинчи өмүрү

"Эр Төштүк" спектаклинен бир көрүнүш.

Америкалык режиссер Вирляна Ткач менен Кенже Сатыбалдиева даярдаган “Эр Төштүк” кичи эпосунун негизинде коюлган спектакль Бишкектиктерге тартууланууда. Бул чыгарманын жаңы варианты ушул жылы март-апрель айында 55 күн бою АКШнын Нью-Йорк шаарында коюлду.
Бишкекте «Эр Төштүк» спектакли "Сахна" эксперименталдык жаштар театрынын артисттери жана театралдык окуу жайдын студенттери менен америкалык режиссер Вирляна Ткач, кыргыз режиссеру Кенжегүл Сатыбалдиева тарабынан даярдалып, көрүүчүлөргө тартууланууда.

Бул спектаклде белгилүү чыгыш таануучу-түрколог окумуштуу Василий Радлов тарабынан 1864-жылы жазылган “Эр Төштүк” кичи эпосунун алгачкы жазма варианты менен Саякбай Каралаевдин айтуусундагы 1937-жылы Ыбрайым Абдырахманов жазган вариантынын текстери колдонулган.

Оюнду койгон америкалык режиссер Вирляна Ткачтын айтымында, спектаклди Эр Төштүктүн жер астына жана ааламга жасаган саякатында сыйкырдуу, күлкүлүү окуялар коштоп, Нурбек Серкебаевдин аткаруусундагы улуттук аспаптардагы элдик ыр-күүлөр көрк берип турат.

- Мени бул чыгармадагы кызыктырган нерсе, фольклор аркылуу адамдардын жашоого, айлана-чөйрөгө, бири-бирине болгон мамилени жүрөгүнө жеткирип, жан-дүйнөсүн ойготууга өтө таасир бере турганы болду. Кыргыздын фольклору философиялык ойлорго, чексиз фантазияга бай. Жаратылыш менен бекем байланыштырып турат.

Режиссер Вирляна Ткач белгилегендей “Эр Төштүк” аркылуу бүгүнкү күндөгү адамдардын күнүмдүк жашоосундагы көйгөйлөрдү күлкүлүү окуялар аркылуу көрүүгө болот.

Башкы каарман кыз Бекторонун ролун ойногон Айнура Качкынбек кызынын айтымында, эл арасына “Эр Төштүк” баатыр катары кабыл алынып калганы менен спектаклде жөнөкөй адамдын жашоого болгон көз карашын ачып берүү аракети болду.

- Бул чыгармада Эр Төштүктү сырткы күчтөрдөн коргогон каарман катары билебиз. Биз спектакль аркылуу адамын төрөлгөнүнөн баштап, дүйнө таанып, чоңойгонуна чейинки окуя камтылат. Эр Төштүк жер астына түшүп, космоско чейин чыгып, ааламдын сырларын туят. Бул жерде адамдын ички дүйнөсүн, өзүн-өзү издеген процесс чагылдырылат.

“Эр Төштүктү” Ткач менен чогуу койгон режиссер Кенжегүл Сатыбалдиева спектаклде адамдардын духун ачып берүүгө басым жасалып, бүгүнкү күндө жаштарды патриоттуулукка, эл-жерин сүйүүгө, ыйманга чакырык ташталганын белгиледи.

- Бул чыгармада адам өз духун издеп калыптануусу алдыңкы планга коюлду. Азыркы биздин өлкөбүздө ошол Төштүктүкүндөй эки-үч адамда дух болгондо өлкөбүз чындап эле өнүгүп-өсүп кетмек. Эгерде өзүн-өзү тапкан болсо... Атуулдарда ички дүйнөсү бай, руханий жактан таза болгон инсандар көп болгондо азыркыдай башаламандыктарга жол берилбейт эле. Элим үчүн, жерим үчүн деген кыргыздын чыныгы уулу, азаматы барбы? Мына ошол боштукту толтурган биздин каарманыбыз ушул Эр Төштүк.

Кенжегүл Сатыбалдиева кыргыздын элдик жомоктору, эпостору, фольклору Американын Голливудунда көрсөтүлүп жаткан апыртмалуу тасмалардан, мултьфильмдерден жана фантастикалык чыгармалардан кыйла жогору экендигин кошумчалады.

Режиссер Вирляна Ткач Нью-Йорктогу "Ла МаМа" театрын негиздеп, жыйырма жылдан ашуун убакытта Кытай, Африка, Монголия, Украина, Бурятиядагы театрларда бир нече спектаклдерди койгон.

Ал 2005-жылдан бери “Сахна” театры аркылуу Кыргызстан менен байланыш түзүп, “Жаңыл мырза” спектаклин даярдап, АКШга алып барып көрсөтүп келген. Ал даярдаган “Эр Төштүк” спектакли үстүбүздөгү жылы март-апрель айында Нью-Йоркто 55 күн көрсөтүлүп, көрүүчүлөрдүн жана театр сынчыларынын купулуна толгон.