Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:05

“Курманбекти” Голливуд тартат


Болот Шамшиев, 27-февраль, 2009
Болот Шамшиев, 27-февраль, 2009

Кыргыз режиссеру Болот Шамшиев менен Маданият жана Маалымат министри Султан Раев 4-мартта АКШга сапар алышат. Ал жактан “Курманбек” эпосунун негизинде Голливуд менен тасма тартуу боюнча сүйлөшүүлөр өтмөкчү. Эгер иш оңунан чыкса, Орландо Блум, Киану Ривз же Бред Питт сыяктуу голливуддук актерлор Кыргызстанга келип калышы ыктамал. Бул тууралуу “Азаттыкка” Болот Шамшиев билдирди.

Болот Шамшиев: Дүйнөлүк кино тармагында эң күчтүү кино система, технология Голливудда. Эгер биз анын компаниялары менен биргелешип иштесек, чоң иш болмок. Продюсер М.Гринфилд менен жолугушуп, таанышканда ал “Курманбек баатырдын” сценарийин жактырып, Голливудга чакырган. Ал сценарийди окугандан кийин, ага 40 млн. доллардан кем эмес каражат кетет деп айтты. Андай акча бизде жок да.

Орто Азияда, кыргыз элинде ушундай чоң залкар нерселер бар экенин бүткүл дүйнө билбейт. Кыргыздын чакан эпостору “Кожожаш”, “Эр Табылды”, “Жаңыл мырза”, “Эр Төштүк” жана “Курманбек баатыр” дегендер өзүнчө секирик болуш керек. Аларды бүткүл дүйнөгө көрсөтүш керек. Бул - биздин байлык, мурасыбыз. Экинчиден, чоң компания менен бирге ишешип калсак, эки-үч жылдын ичинде принципиалдуу өзгөрүү болуп калышы мүмкүн. Бизде дагы бир топ темалар бар.

Андан тышкары, “Сүйүүнүн тангосу” дегенге да сценарий жазылган. Ал чет өлкөгө барып, ошол жакта башка улуттун өкүлүнө турмушка чыккан кыздар тууралуу болот. Анын үстүнө мен консул болуп иштеп жүргөндө да ушундай бир топ тагдырларга күбө болгом. Бир жагынан, кызык, экинчи жагынан, лирикалык дегендей турмуш тууралуу. Алардын жолугушканы, куда түшкөнү, кыргыз ата-энесине келип тоодо жашап... ал өзүнчө кызык нерсе да. Кеп адамдын рухий дүйнөсү жөнүндө болот.

“Азаттык”: Демек, Америкага эки сценарий менен бараткан турбайсызбы. Экөөнү тең сунуштайсызбы?

Болот Шамшиев: Ооба, бирок менде андан сырткары да темалар көп.

“Азаттык”: “Голливуддан” да актерлорду тартылса керек?

Болот Шамшиев: Дүйнөлүк кинонун өзүнүн спецификасы бар. Эгер тасмага белгилүү актер тартылбаса, ага эл барбай коет. Ошондуктан мен алардын актеруна атайын роль жаздым. Киану Ривз, Орландо Блум, же Брет Питт деп болжолдоп жатам. Жаш өзгөчөлүгү жагынан Орландо Блум туура келип жатат. Бирок ал туура көрөбү, жокпу - бул тасмага тартылгысы келеби, келбейби - билбейм. Анын үстүнө бизде актерлорду режиссер тандаса, аларда продюсер тандайт. Кино жылдыз Кери Тагава: “Мени чакырсаңар, сөзсүз келем, 10 млн.доллар сурабайм, мүмкүн эки-үч миллион доллар гонарарга келем” деп жатат.

“Азаттык”: Сүйлөшүүлөр ишке ашып калса, кино кайсы жактан тартылат?

Болот Шамшиев: Голливудда да сценалар, бир топ эпизод бар. Биз өз тарыхыбызды билбейбиз. Кыргызстанга биринчи болуп америкалык геологдор келген. Аны мен архивден таптым. Американын атом бомбасы кыргыздын уранынан жасалган. Бул эпизод “Сүйүү жана сыноо” деген сценарийде чагылдырылып, ошол Кыргызстанда тартылат. Америкадан келген адам көп кыйынчылыкты башынан кечирип, чоң сыноодон өтөт. Анын кыргыздан тапкан сүйүүсү аны ошондой кыйынчылыкта да таштап кетпейт. Ал эми “Курманбек” негизинен Кыргызстанда тартылат. Бирок анын атайын эффекттери көп, абдан кооз болот. Бир нерсени айта кетсем, мен сценарий жазып жатканда акын Кыялбек Урманбетов жардам берип, ырларды кыргызчалап жазган болчу. Мында жөнөкөй сөз болбойт, бардык каармандар ырдайт. Башкача айтканда, биринчи кыргыз музыкалык кино, эпикалык мюзикл болот. Ушул сценарийдин үстүндө 7-8 жыл иштедим.

“Азаттык”: Курманбектин ролунда ким ойнойт, белгилүү болдубу?

Болот Шамшиев: Жок. Эң чоң маселе - Курманбектин ролуна жаш актер керек болот. Дөлөнхан Голливуд артисти болсо, Тейитханды да башка жактан чакырсак болот. Канышайга, мисалы, бизде абдан сонун артист кызыбыз бар Айгерим Расул кызы деген. Бирок аны америкалыктар алабы, албайбы - мен билбейм. Ал эми Курманбектин ролуна киши издөө азырынча эртерээк. Аны ишке киришип баштаганда гана айта алабыз.

XS
SM
MD
LG