20-май: Тарых барактары

1965-жылдын бул күнү Москвада СССРдеги эң ири аэропорттордун бири - Домодедово ачылган.

Кыргызстанга иш сапары менен келген Финляндиянын президенти Урхо Калева Кекконен 1977-жылдын 20-майында республика жетекчилиги менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну арттыруу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Кыргызстандагы «Европа күндөрү» 2005-жылдын 20-майында башталган. Айтылуу француз жазуучусу Оноре де Бальзак 1799-жылыдн 20-май күнү жарык дүйнөгө келген.
Кыргызстанга иш сапары менен келген Финляндиянын президенти Урхо Калева Кекконен 1977-жылдын 20-майында республика жетекчилиги менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну арттыруу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Совет мезгилинде Кыргызстанга чанда каттаган коноктор арасынан эң көрүнүктүүлөрүнүн бири болгон Финляндия президентине атайын программа камдалып, урматтуу конок Эл чарбасынын жетишкендиктери көргөзмөсүнүн кыдырып, айрым ишканалардын иши менен таанышкан.

Кыргыз өкмөтүнүн 2003-жылдын 20-майында өткөрүлгөн жыйынында Жалал-Абад областтык башкармалыгы менен шаардык ички иштер бөлүмдөрүнө жасалган каракчылык кол салуу маселесин каралган. Кылмыштуу топ ушул жылдын 15-май күнү ички иштер бөлүмдөрүнө кол салып, укук коргоо кызматчыларын сабап, 35 куралды тартып алышкан. Өкмөт жыйынынын чечимине ылайык кылмыштуу ишке байланыштуу уюштуруу ишинде орун алган кемчилиги үчүн биринчи вице премьер-министр К. Осмонов менен ички иштер министри Б. Субанбековго жана анын эки орун басарына сөгүш жарыяланган.

Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги 2003-жылдын 20-май күнү Өзгөн районунда жапа тарткан үй-бүлөлөргө кайрымдуулук жардам ирээтинде 5 миң америка долларын Улуттук Кызыл ай коомуна тапшырган. Кызыл жарым ай коому Кытай мамлекети берген каражатка жер көчкүдөн жабыр тарткан 350 үй-бүлөгө тамак-аш сатылып алынаарын билдирген.

«Адилет шайлоо үчүн» аттуу атуулдук кошуундун төрагасы Мисир Ашыркулов 2004-жылдын бул күнү аталган уюмдун максат жана милдеттери туурасында билдирүү таратты. Анын айтымында, атуулдук кошуунга мамлекеттин келечегинин камын ойлогон прогрессивдүү көз караштагы адамдар баш кошуп, биримдик өлкө кызыкчылыгынан башка саясий максаттарды көздөбөйт.

Жогорку Кеңештин депутаты Б. Эркинбаев 2005-жылдын 20-май күнү президенттик шайлоого катышпай тургандыгын билдирген. Депутаттын пресс-конференциясына биринчи премьер-министр Ф. Кулов катышып, Б. Эркинбаевдин пикирин колдой тургандыгын айткан.

Кыргызстандагы «Европа күндөрү» 2005-жылдын 20-майында башталган. Европа күндөрүнүн алкагында эски континенттин кино фильмдери, көрсөтүлүп, поэзия жана музыка кечелери, сүрөт көргөзмөлөрү көрөрмандарга тартууланган.

20-май Дүйнөлүк метрологдордун күнү. Метрологдордун күнү Париж шаарында 1875-жылдын 20-майында өткөн «Метрикалык Конвенция» аттуу эл аралык дипломатиялык конференцияга байланыштуу белгиленет.

Чыгыш Рим императору Константин 325-жылдын 20-май күнү Никеяга Бүткүл ааламдык соборду чакырган. Христиандардын Бүткүл ааламдык соборунда ариандык дин сынга алынган. Арианчылар Кудай Ата менен Кудай уулдун ыйык бирдик экендигин кабыл алышкан эмес. Бүткүл ааламдык собордо христиандык диндин негизги догматтары иштелип чыккан.

Леви Страус менен Джекоб Дэвис 1873-жылдын 20-май күнү «деним» аталган жумушка кийилчү шымга патент алышкан. Ошентип атактуу Levi Strauss & Co. фирмасы түптөлүп, ал чыгарган джинсы шымдар таңсык товарлар топтомуна алынган.

Советтер Союзундагы ири аэропорттордун бири - Домодедово 1965-жылдын 20-майында ачылган.

Кытайдын мурдагы лидерлеринин бири - Ху Яобандын өлүмүнө байланыштуу он миңдеген студенттер 1989-жылы жаз айынын соңунда стихиялуу митинге чыгышкан. Митингчилердин саны бир жума өтбөй 100 миң чамалап, алар Кытайда демократиялык реформалардын жүргүзүлүшүн талап кылышкан. Жаштардын нааразычылыгы Советтер Союзунун лидери М. С. Горбачевдун Кытайга жасаган визит маалына туш келген. Тяньаньмэнь аянтына чогулган 100 миң чамалуу жаштар Горбачевдун ысмына ураан айтышып, андан жардам берүүнү өтүнүшкөн. Митинг 20-майда туу чокусуна жетип, ага жарым миллиондой адам катышкан. Аянтка батбай калган калк бийликке жана менчикке кол сала баштаган. Акыры митинг аскердин күчү менен басылган.

Айтылуу француз жазуучусу Оноре де Бальзак 1799-жылдын 20-май күнү жарык дүйнөгө келген.