20-февраль: Тарых барактары

Италиянын фашисттик лидери Бенито Муссолини, 1940

Жунгар баскынчыларынын XVII кылымдын экинчи жарымында энесайлык кыргыздарга жасаган кысым айынан кыргыздар менен Сибирдеги орус бийлигинин ич ара мамилеси начарлаган.
Жунгарлар кыргыздардын орус бийлигине тартылып кетишинен кооптонушуп, аларды мезгил-мезгили менен Сибирь воеводаларынын ээликтерине каршы тукуруп турган. Мындай саясат бир чети кыргыздарды орустардан алыстатса, экинчи жагынан жунгарлар кыргыздарды согуш алааматы аркылуу кыска боожуда кармап турууга мүмкүндүк алышкан.

Красноярск воеводасы Д. Г. Загряжскийдин кабарлоосуна караганда 1678-жылдын 20-февралында ага жунгар контайшиси Галдандан чабарман келип, энесайлык кыргыздарга орустар менен сүйлөшүү жүргүзүүгө буйрук бергенин билдирген.

Кыргыз урууларынын таасирдүү манаптарынын бири - Жантай 1863-жылдын бул күнү улуу жүз казактардын приставы, Алатоо округунун начальниги Г. А. Колпаковскийге кат жолдогон. Катта Анарбек баштаган 400 кыпчак жана жоон топ аскерлердин Меркеге келгендиги кабарланат.

Жантайдын билдирүүсүндө аскерлердин ким жана кайдан келгендиги ачык айтылбастан, алар жалпы жонунан «сарт» деп белгиленет. Ошондой эле, орус бийлигинен аларды жаз айында кууп чыгарлышына ишеним артылып, генералга 40 кыргоол жөнөткөндүгү кабарланып, Жантай генералдан орозо үчүн бир кап күрүч сураткан.

Кыргыз АССР калкты иш менен камсыздоо кеңешинин элдик комиссары Афанасьев Фрунзе шаарына агылган ишсиздерге 1928-жылдын 20-февралында атайын билдирүү жасаган. Элдик комиссар борбор шаарда 3146 иш издеген адам катталгандыгын жана алардын саны улам артып аткандыгын айрыкча белгилеген. Ал Кыргыз АССРинде иш табуу мүмкүн эмес, ошондуктан эмгек ордун СССРдин башка жеринен издегиле деп ички мигранттарга кеңеш берген.

Кыргызстан тарыхында 2000-жыл «Чубактын кунундай чубалган» парламенттик жана президентик шайлоо жылына айланды. Парлементтик шайлоо жаңы шайлоо Кодексине ылайык эки этапка бөлүнүп, анын биринчи туру 2000-жылдын 20-февралында өткөрүлгөн. Шайлоо Кодексине жараша парламент Мыйзам чыгаруу жана Эл өкүлдөр жыйындарынан турган эки палатадан куралмак. Парламенттик шайлоого Борбордук Шайлоо комиссиясы жеткиликтүү даярдык көрүп, Шериктеш мамлекеттер арасынан биринчилерден болуп добушту автоматташтырып эсептөөчү «Шайлоо» системасын колдонууга киргизген.

Кыргызстанга иш сапары менен келген Санкт-Петербург шаарынын губернатору менен кыргыз өкмөтү ортосунда 2004-жылдын 20-февралында эки тараптуу экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу келишимге кол коюлган.

Жогорку Кеңештин 2006-жылдын 20-февралында өткөн жыйынында Өмүрбек Текебаевдин өз эрки менен кызматтан кетүү үчүн жазган арызы күн тартибине коюлган. Парламент спикери буга чейин президент Курманбек Бакиевдин дарегине айткан акаарат кебимдин мазмуну туура болгону менен анын формасынан жаңылыштык кеткендигине байланыштуу арыз жаздым,-деп билдирген. Спикердин кызматтан кетиши үчүн регламентте каралган жетиштүү кол топтолбогондугуна байланыштуу, Жогорку Кеңеш Ө. Текебаевдин арызын канааттандырган жок.

Москва шаарынын Кызыл аянтына айкелчи Иван Мартос жасаган Минин менен Пожарскийдин эстелиги 1803-жылдын 20-февралында ачылган. А. С. Пушкин бир адам эстеликке куштарлана карап, экинчисине «карачы, илгери кандай дөө кишилер болгон. Эми адамдар майдаланып кетбедиби», деген сөзүн П.Л. Вяземскийге кат түрүнүдө билдирген. Мурда эстелик Лениндин мавзолейинин каршысында орун алган. Кийин «майдалангандардын» урпактары 1931-жылы эстеликти Василий Блаженный Соборунун жанына жайгаштырышкан.

Австрия 1811-жылдын 20-февралында өзүн банкрот деп жарыялаган.

Нью-Йорктогу Метрополитен музейи 1872-жылдын 20февралында ачылган.

Орусиядагы II Мамлекеттик Думанын иши 1907-жылдын 20-февралында башталган.

А.Блоктун «Скифтер» аттуу поэмасы 1918-жылдын 20-февралында жарыяланган.

Освалд Мосли баш болгон алты адам 1931-жылдын 20-февралында Британиянын Лейбористтик партиясынын катарынан чыгуу туурасында чечим кабыл алышкан.

Энтони Иден 1938-жылдын 20-февралында Британиянын Тышкы иштер министлдик кызматынан кеткен. Саясий карт-бланш алган премьер-министр Невилл Чемберлен Италиянын фашисттик лидери Бенито Муссолини менен сүйлөшүү жүргүзүп баштаган.

«Том жана Жерри» аттуу жаш жеткинчектердин сүймөнчүк мультфильми 1940-жылдын 20-февралында биринчи жолу экранга чыккан.

КПСС БКнын Башкы катчысы Л. И. Брежнев 1978-жылдын 20-февралында Советтер Союзунун жогорку сыйлыгы эсептелген «Победа» ордени менен сыйланган. Кийин аны компартиянын дагы бир лидери М. С. Горбачев 1989-жылдын 21-сентябрында мурдагы 1978-жылдын 20-февралындагы жардыкты жокко чыгаруу туурасында башка бир жардык кабыл алган.

Армения менен Азербайжан ортосунда орун алган Карабак коогалаңы 1988-жылдын 20-февралында башталган.