22-июнь: Тарых барактары

Улуу Ата мекендик согуш оту 22-июндун таң эртеси тутанган.

Адамзат тарыхындагы XX кылымдын алааматы 1941-жылдын 22-июнь күнү башталган. Улуу Ата мекендик согуш оту 22-июндун таң эртеси тутанып, фашисттик Германия Советтер Союзуна кол салган. Ошентип миллиондогон адамдардын өмүрүн жалмаган кандуу согуш жол салынды. Улуу согушка миңдеген кыргызстандыктар катышып, фашисттик Германиянын жеңилишине өз салымдарын кошушкан.
Орус падышалык аскерлери эки тараптан багыт алып Чымкентке жөнөшкөндүгү туурасында кабарды Кокон хандыгынын аталыгы Алымкул 1864-жылдын бул күнү уккан. Ал аскер топтоп, Кокондон чыгып падышалык аскерлерге каршы чыккан. Ташкент үчүн салгылашта Алымкул аталык оор жаракат алган.

РКП (б) БКнын саясий бюросунда В. И. Ленин даярдаган Токтом долбоору 1920-жылдын 22-июнунда каралган. Токтомдо Түркстанды ишке ашырылчу жакынкы милдеттер каралган. Биринчиден, көчүп келген орустар жана башка калктардын жер ээликтерин жергиликтүү элдики менен теңдөө; экинчиден, орус кулактарын тез арада талкалоо жана аларды көчүрүү маселеси карлаган.

Абдыкерим Сыдыков 1925-жылдын 22-июнунда төртүнчү ирет партия катарынан чыгарылган. Анын партиядан чыгарылышы маселеси Кыргыз обкомдун биринчи катчысы М. Каменскийдин арызы боюнча каралып, А. Сыдыков «отузчулардын» арызын уюштурган анабашчы, партия катарын бузган бузуку» деп табылган.

Ажаман Шабдановдун 1933-жылдын 22-июнунда ОГПУга берген сурагында «Социал Туран партиясынын» өкүлдөрүн жана алардын ылакап ысымдарын атаган. А. Шабдановдун көрсөтмөсүнө ылайык, ал партиянын катарында тургандар төмөнкүлөр болушкан: Абдыкерим Сыдыков - «Манас», Шабданов Ажаман - «Темир», Лепесов Зайнетдин - «Бороон», Хашимбеков Насреддин - «Борошо», Сопиев Турду Ахун - «Шаң», Түмөнбаев Хашимбек - «Кайрат» деген ылакап ысым менен белгилүү болушкан.

Улуу Ата мекендик согуш күнүнүн башталышына байланыштуу 1942-жылдын 22-июнунда Фрунзе шарынын сүрөт галереясында XIX орус аскер өнөрүнө арналган сүрөт көргөзмөсү ачылган. Көргөзмөгө согуш айынан Москва, Ленинград жана башка шаарлардан Кыргызстанга ташылып келген сүрөттөр коюлуп, алар шаардыктардын купулуна толгон.

Кыргыз ССР Жорорку Кеңеш президиумунун 1964-жылдын бул күнкү Жардыгы менен борбору Сокулук айлында орун алган Сокулук району уюшулган. Жаңы административдик бирдикке Аламүдүн районунан 8 айыл өкмөтү, 6 кыштактык кеңеш, Калинин районунан 7 айыл өкмөтү, 1 кыштактык кеңеш бөлүнүп берилген.

Улуу Ата мекендик согуштун башталышына байланыштуу Орусия, Беларус, Украинада Эскерүү жана аза күтүү күнү белгиленет. Фашисттик Германия 1941-жылдын 22-июнь күнү Советтер Союзуна каракчылык менен кол салып, кандуу согушта 30 миллионго жакын советтик адам набыт болгон.

Римдик легион б.з.ч. 168-жылдын 22-июнунда макендондук аскерлерди Пидне кашындагы салгылашта талкалаган.

Ричард II 1377-жылдын 22-июнунда Англиянын королу аталган.

Англис королу Карл II 1675-жылдын 22-июнь күнү Гринвич обсерваториясын негиздеген.

А. И. Герцен негиздеген «Эркин орус типографиясы» 1853-жылдын 22-июнь күнү Лондон шаарында ишин баштаган.

Александр Герцен менен Николай Огарев даярдаган биринчи орус оппозициялык «Колокол» гезити 1857-жылдын 22-июнь күнү Лондондо жарык көргөн.

Германия Европада биринчи болуп 1889-жылдын 22-июнунда карыган адамдар үчүн пенсияны киргизген.

Немис аскерлери Флери (Франция) үчүн салгылашта ууландыруучу газдын жаңы түрү эсептелген фосгенди 1916-жылдын 22-июнь күнү колдонгон.

Франция мамлекети Компьенде 1940-жылдын 22-июнь күнү Германияга капитуляциялангандыгын билдирген келишимге кол койгон.

Советтик аскерлер 1944-жылдын 22-июнь күнү Беларус операциясын башташкан.

Советтер Союзу менен Кытай Элдик Республикасы ортосундагы мамиле 1960-жылдын 22-июнь күнү бузулган. Советтик компартия лидери Н. С. Хрущёв Мао Цзэдунду «сталинист» десе, акыркы аны “ревизионист” деп айыптаган.

Билл Клинтондун «Менин жашоом» аттуу мемуары 2004-жылдын 22-июнь күнү жарык көргөн.