Курманбек Бакиев өмүр бою президент болобу?

Казакстанда "Нур отан" партиясы президент Назарбаевди өмүрү өткөнчө бийликте калтыруу сунушу менен чыкты. Айрым серепчилер мындай демилге Кыргызстанда да козголушу ыктымалдыгын айтууда.
1999-жылы Түркмөнстан өзүнүн президенти Сапармурат Ниязовду өмүрү өткөнчө президент деп шайлаганда Борбор Азиянын башка өлкөлөрү бул ишке ашпаган жана демократиянын принциптеринен алда канча оолак турган саясат деп ойлошкон. Кийинчерээк башка өлкөлөр да ага жакындашып барганга аракет жасашты. Алсак, Өзбекстан деле расмий айтылбаганы менен ушундай эле саясий көз карашты тутунуп келет.

Эми Казакстанда Нурсултан Назарбаевди өмүр бою президент кылып шайлоо маселесин референдумга коюу керектиги айтыла баштады. Сунушту казак сенатору Оролбай Абдыкаримов алып чыккан. Ал эми Конституциялык Кеңеш эгер мындай сунуш түшсө кароого даяр экенин билдирген. Саясий серепчилер ЕККУга төрагалык кылганы турган Казакстан үчүн демократияны ушундай өңүттө өзгөртүү жакшы болбой калаарын белгилешүүдө.

Кыргызстандын саясат талдоочулары болсо Казакстан ушундай жолду тандап алса, жакынкы жылдары Кыргызстан да мындай сунушту кабыргасынан коет деген пикирлерин билдирип жатышат. Саясат таануучу Орозбек Молдалиев “Азаттыкка” берген маегинде буларга токтолду:

- Бизде деле "Казаксан ушундай жолу тандады, биз деле ошондой кылалы" дегендер четтен табылат. Андай сунуштар болсо, парламент колдоп берет. Бирок Курманбек Бакиевдин “мен Конституция менен гана иштейм” деп айтканы бар. Андай болсо Конституцияга өзгөртүү киргизишке туура келет. Ал деле бизде чоң маселе эмес. Бирок бул маселенин башка жагы бар. Бир президент өмүр бою башкарсын деген демократияга туура келбей турган нерсе. Ал эми Казакстандын чечимин сындай албайбыз. Нурсултан Назарбаев деле азыр мындай сунушка макул болбосо керек.

Мурдагы коргоо министри, Бириккен элдик кыймылдын лидерлеринин бири Исмаил Исаков мындай сунуш Кыргызстанда айтылбайт дегенге ишенбейт. Ал “бийлик жогорку курултайды өткөргөндөн кийин ушундай демилге көтөрүп чыгышы мүмкүн” деген пикирде.

- Мындай сунушту, демилгени бизде да көтөрүп чыкпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Биздин жүргүзгөн саясатыбыз тегерегибиздеги өлкөлөр кандай нукка өзгөрсө ошого жакындашып бара жатпайбы. Бирок азыр эмес. Бийлик жогорку курултайга даярданып жатпайбы, мындай сунуш ошондон кийин айтылышы ыктымал. Курултай ошон үчүн да уюштурулуп жатса керек деген ой туулат.

Анктен менен кандай гана сунуш, өзгөрүш болбосун ал депутаттардын талкуусуна коюлат. Жогорку Кеңеште болсо көпчүлүк “Ак жол” партиясынан болгондуктан, саясат талдоочулар мындай сунуш колдоого алынарын айтып келишет.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Ак Жол” фракциясынын төрагасы Улукбек Ормонов болсо өмүрү өткөнчө иштей турган президентти шайлоо Кыргызстан үчүн болбой турганын жана кандай сунуш болбосун Курманбек Бакиев өз позициясынан чыкпай турганын айтат.

- Курманбек Бакиев өзүнүн позициясын “Кыргызстанда мыйзам иштеш керек” деп дайыма ачык-айкын айтып жүрөт. Экинчи мөөнөткө шайланганда “Кыргызстанды өнүккөн өлкө катары жаңы шайланган президенттин колуна тапшырганга аракет кылам” деп айтпадыбы. Кыргызстанда өмүрү өткөнчө президент шайлоо деген нерсе болбош керек деп ойлойм. Кандай гана сунуштар болбосун Курманбек Бакиев өз позициясында турат деп ойлойм.

Айрым саясатчылар Бакиевдин стратегиясын Путиндин стратегиясына ошкош экенин айтып келишет. Бул деген Бакиев да өз адамын даярдап ордуна коюп кетет дегендик. Бирок ким экендиги азырынча купуя сыр бойдон калууда. Айрымдар баласы Максим Бакиевди даярдап жатканы тууралуу каңырыш кептерди айтып келишет. Мунун чын-төгүнүн бир гана убакыт көрсөтөт.

Ал эми жаш саясатчы Мирсулжан Намазалиев “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Менимче, Борбор Азияда султанаттардын клубу түзүлүп баштады. Бирок Кыргызстанда башкачараак. Бизде бийликти алып чыгарып салган тажрыйба бар. Аны Курманбек Бакиев деле түшүнүп турса керек. Менимче Курманбек Бакиев өзүнө иштей турган адамды өз ордуна коюп, аны шайлоодо жеңдирип бериш керек. Мурдагыдай президент деген – хан, бий, бай, ага каршы сүйлөбөш керек деген түшүнүк бир аз азыраак. Же болбосо бул ошол эле Казакстанда деле саясий оюн болушу мүмкүн. Муну менен казак президенти өз өлкөсүнүн демократиялуу өлкө экенин көрсөтүп баш тартышы ыктымал.

Айрым саясий серепчилер болсо президентти өмүрүнүн акырына чейин шайлоо маселесин референдум аркылуу чечкен менен кыргыз коомчулугу аны жүрөгүндө кабыл албай турганын белгилешүүдө.