Темир Сариев: Электр кубатына бааны көтөрүү – саясий тайкылык

“Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев энергетикадагы маселе компанияларды сатууда эмес, аны башкарууда жана уурдоону токтотууда деп эсептейт. Саясатчы ошондой эле баалардын көтөрүлүшүн саясий тайкылык катары баалайт.
-Темир мырза, өкмөт төрт бөлүштүргүч компанияны сатуу боюнча тендерди 29-декабрга коюптур. Эл жаңы жылга даярдык менен алек болуп жатканда, дегеле электр тармактары менчик колдорго өтүүсүнө кандай карайсыз?

- Биз буга чейин айтып келгенбиз, мен депутат болуп жүргөңдө эле айттым эле, “Түндүкэлектрону” бир колго сатып койгон бул опурталдуу иш болуп калат деп. Эгерде сата турган болсоңор келгиле бүгүнкү күндө эң начар иштеп аткан компаниялардан баштайлы деп. Тескерисинче булар эң майлуусун сатабыз деген позицияга туруп алган, бул биринчиси. Экинчиси, эмне үчүн эгерде ошондой эле биз бөлүштүрүү компаниялар жакшы иштеп, акчаны туура чогултсун, элге тейлөөнү жакшы көргөзсүн десе, анда эскиче кылып район-районго бөлүп эле, ошолорду берсек. Анткени ири чоң компания болгондо кыргыз атуулдарынын колуна түшүшү кыйын болуп калат. Муну сөзсүз түрдө эле чет жактан, же атайын бир компанияны камдап туруп ошого берүүнү гана көздөп атышат. Анын үстүнө тарифти да атайын көтөрүп алышты, эки жолу тендер болду деди “Түндүкэлектро” боюнча. Эми үчүнчүсүн бекер беребиз дегендей кыйытып чыгарып атышат. Анан жаңы жылдын астында деген чын эле маалымат жок. Анан сатылып кетет, андан кийин элдер жаңы жылга жетип калат, андан кийин он күн иштебейбиз, келгенден кийин булардын кимге кеткени да билинбей калат.

- Россиянын өкмөт башчысы Владимир Путин 3-декабрда калк менен түз байланышта энергетикалык компаниялардын акционерлери ишканага түзүктөп көңүл бурбай жатканына, мына ошол багыттагы реформага сын айтылды. Мамлекет жаман башкаруучу деп олтуруп, пайда издеген ишкерлер колуна түшкөндөн кийин энергетика тармагы модернизацияланат деш кыйын эмеспи?

- Бул жерде мындай, бирдиктүү электро холдингди үч тармакка бөлгөндө, иштеп чыгуучу, ташуучу анан бөлүштүрүүчү деп, бул жака корпоративдүү башкарууну киргизип, буларды ачыктык-айкындыкка алып келебиз деген. Биз депутат болуп турганда ушундай жүйөөлү себептер айтылган өкмөт тарабынан. Бирок алардын баары эле кетип калып, азыр чуркап эле калышты сатыш керек, сатсак эле жыргап кетебиз деп, маселе аны сатууда эмес, маселе аны башкарууда болуп турат.

- Өкмөттүн энергетикадагы тариф саясаты адилеттүүбү?

- Адилетсиз болду. менин маалыматыма караганда, Энергетика министрлиги биринчи сунуштаганда электр энергияны бир сом кылуу керек деп сунуштаган. Өкмөткө барганда бир жарым сом деп кабыл алып салды. Муну кайдан, эмнеден чыгарганын эч ким билбейт. Бул тарифти бирөө дагы азыр жөндөп айтып бере албайт. Эмне үчүн бир сом болуп калды, эмне үчүн үч сом болбойт, эмне үчүн 15-20 тыйын болбойт деп. Булар сырттан алып эле биздин чөнтөгүбүзгө ушунча түшүш керек дегендей нерсе менен кетип калды. Экинчиси, 40 пайызга чейин жоготуу болуп турганда кайдагы тарифтин көтөрүлүшүн айтабыз. Биринчиден, уурдоону токтотуш керек да. Мына 40 пайыз уурдалып атат, уурдоону токтоткондон кийин “биз уурдоону токтотук, 70 тыйындан алып аттыңар эле, жетпейт экен бул тыйын, ошон үчүн 1 сомго, 1 сом 20 тыйынга көтөрөлү” деп айтыш керек болчу да, аны көргөзүш керек болчу да.

Эч кандай негиздүү эсеп болгон. Уурдоо болуп атат, дагы эле уурдап атат деп коет, дагы эле уурдайт. Эми тариф көбөйүп кеткенде, ансыз деле төлөбөй аткан эл чын эле ошондой болсо төлөбөй коет да. Маселе элдин уурдоосунда эмес, ошол энергетика тармагында иштеп аткан жана ошонун үстүнөн көзөмөл кылып турган адамдардын уурдоосунда болуп атат. Эл уурдаган жок, азыр ар бирөөнө электр эсептегичти эшике чыгарып коюп койду. Анан кийин электр энергиясын сааттап өчүрүп атпайбы. Айыл жергесинде канча сааттан электр энергиясы жок болуп атат, кечинде 12ден таңкы бешке чейин, күндүзү дагы 4-5 саатка өчүп атат. Ушундай үзгүлтүккө жол берип туруп, уурдоону жоготпой туруп анан электр энергиясына тарифти көтөрөбүз дегенди мен саясий тайкылык деп эсептейм.

- Рахмат маегиңизге.