“Ак жол” фракциясы бүгүнкү жыйынында Данияр Үсөновдун премьер-министрликке талапкерлигин 68 добуш менен колдоого алып, аны өкмөт башчылыкка бекитүү сунушун президентке жолдогон.
Эми жаңы дайындалган өкмөт башчы ДаниярҮсөнов өкмөттүн структурасын фракцияларга сунуштап, андан кийин парламенттин кароосуна алып чыгат. Структура бекитилгенден ккийин өкмөт мүчөлөрү дайындала баштайт.
Конституцияга ылайык парламентте көпчүлүктү түзгөн фракция өкмөт башчылыкка талапкерди көрсөтөт. Эми ал президенттин жардыгы менен бекитилет. Данияр Үсөнов “Ак жол” партиясынын мүчөсү жана “Ак жол” партиясы көрсөткөн талапкер катары “ак жолчу” премьер-министр болоорун билдирди.
Данияр Үсөнов фракция жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, жакын арада аткара турган иштер катары жаңы жылдан тарта өкмөттүн жаңы структурасын ишке киргизүүнү жана жаңы бюджетти кабыл алууну атады. Жаңы структураны бүгүн эле парламенттин кароосуна алып чыгууга даяр экенин билдирди.
Данияр Үсөнов ошондой эле өлкө бюджети дагы өсөөрүн, пенсиялар убагында төлөнөөрүн билдирди. Анын эсебинде, өлкөдө 1 млн 274 киши салык төлөйт, ал эми Социалдык фонддо болсо 850 миң киши гана эсепте турат. Салыкчылар жыйымды 103 % камсыз кылса, социалдык фонд болгону 73 % жыйнаарын белгилеген Данияр Үсөнов бул кемчиликти четтетүү максатында Социалдык фонддун каражатын жыйноо салыкчыларга бериле турганын белгиледи.
ЖКнын комитеттеринде бүгүн эле өкмөттүн структурасы карала баштады. Парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитетинин жыйынында өкмөттүн жаңы структурасы тууралуу өкмөт башчы Данияр Үсөнов маалымат берди. Ал жаңы структурада 14 министрлик, 7 агенттик, 7 кызмат жана 2 фонд болоорун белгиледи.
Структура бейшемби күнү парламентте каралып, андан кийин президентке бекитилүүгө жолдонуш керек.