"Азыркы парламент аткаруу бийлигин көзөмөлдөй албайт"

70-жылдык мааракесин белгилеп аткан кыргыз парламентинин ишмердиги тууралуу Жогорку Кеңештин эки жолку депутаты, “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев ой-пикир бөлүшөт.
- Ушул эгемен Кыргызстанда парламентаризмдин негиздерин калыптоо, мамлекеттин жана демократиянын кызыкчылыгын сактоо өңдүү милдеттерди Кыргыз парламенти кандай аркалады деп ойлойсуз?

- Албетте, парламенттин ролу абдан чоң. Анткени биз билебиз, биздин эгемендүүлүктү алганыбызга кыргыз парламенти түздөн түз салымын кошкон. Ал убак баардыгынын эсинде легендарлуу парламент деп калган. Бирок Советтер Союзу убагында шайланган парламент болчу 350 адамдан турган. Ошолор биринчиден болуп эгемендүүлүк декларациясын кабыл алып, андан кийинки бүгүнкү кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө түздөн түз тиешеси бар болчу. Ошондуктан абдан зор деп ойлойм.

- Март ыңкылабынан кийин эсте калган дагы бир парламент - бул сиз экинчи ирет мүчө болгон өткөн парламент болду. Ошол парламентти мамлекеттик кызыкчылыктарды ишке ашырууга олуттуу тоскоолдук жасады деп бийлик кескин сынга алып келди. Ал мөөнөтүнөн мурда таркатылды. Сиз ал парламенттин өзгөчөлүгүн, өксүгүн эмнеден көрөсүз?

- 2005-жылкы март окуясынан кийин мамлекетте кырдаал өтө курчуп, абдан кыйын учур пайда болгон. Анткени мыйзамдуу шайланган президент мамлекеттен кетүүгө зарыл болуп, өкмөт башчысы жок болуп, эски шайланган, бирок кийин өтпөй калган адамдар жаңы парламент легитимсиз деп абдан катуу талаш-тартыш болуп, мамлекеттин келечеги абдан чоң суроонун астында туруп калган.

Ошондо бирден-бир мыйзамдуу орган катары парламент өзүнүн ордун, өзүнүн укуктарын көргөзө алып, мамлекетти жөндүү жолго салып кеткенге чоң салым кошту деп айтсак болот. Ошондо бирден-бир легитимдүү орган болуп, бардык чечимдерди мыйзамдаштырып, мыйзамдуу жолго түшүүгө өбөлгө түзгөн. Ошол парламент тарыхта кала берет.

Бирок анын баасы азыр берилбей жатат. Бирок убакыт өткөндөн кийин тарыхчылар, илимпоздор ошол убактагы биздин мамлекеттин астында турган коркунучтарды жакшы иликтеп чыккандан кийин, мен ойлойм, парламент өзүнүн ордун алат деп.

- БЭКтин атынан кечээ жакында билдирүү таратылыптыр. Ошол кайрылууда айтылып атат, азыркы парламент көзөмөлдөөчү функциясынан ажырап, көз каранды парламентке айланды деп. Сиз мындай пикирге кошула аласызбы?

- Парламенттин бирден-бир эң негизги функциясы болуп бул көзөмөл функциясы болот. Анткени парламент биринчиден мыйзам кабыл алса, экинчиден аткаруу бийлигин тескеп көзөмөлдөп турат. Бүгүнкү парламенттин чынын айтканда андай функциясы жок.

Аны биздин партия дагы учурунда улам-улам айтып, ар түрдүү маселелер боюнча талкуулап, билдирүү жасап атат. Бүгүн тилекке каршы, эң негизги көзөмөл функциясы кетип отурат.

Анын үстүнө акыркы чоң өзгөрүүлөрдү жүргүзүп, реформа кылабыз дегенде деле парламентке баш ийбеген мамлекеттик структураларды түзүп алды. Алар парламенттин астында эч кандай отчет берип, алардын көзөмөлүндө турбай калды.

- Көп партиялуу парламент деген бүгүн өзүн актап атабы?

- Эгерде классикалык түрдө, таза шайлоонун негизинде атаандаш болуп өзүнүн программалары, идеялары менен, өзүнүн тизмесин көрсөтүп ачык түз шайлануудан келсе ал өзүн актамак. Бул парламент, албетте, шайлоо эмес бөлүштүрүү менен келген убагында, аны коомчулук билет. Ошонун негизинде бүгүн көп партиялык шайлоо деген дискриминация болуп отурат.

- Маегиңизге чоң рахмат.