Жаңы жылдан тарта электр кубатына баа өсөт

Бүгүн парламентте 1-вице-премьер-министр А. Жапаров баштаган тиешелүү жетекчилер быйылкы жылы газ, энергетика боюнча кыйынчылык болбостугун билдиришти.
Парламент кышка карата отун-энергетика маселесин өкмөт менен буга чейин сентябрь айынын аягында да талкуулап, бир катар суроолорун берген. Бүгүн жаңы дайындалган 1-вице-премьер-министр Акылбек Жапаров депутаттардын ошол суроолоруна жооп берди.

Кыргызстандын Өзбекстанга көгүлтүр от үчүн 18 млн. доллар карызы, аны төлөө маселеси -эл өкүлдөрүн тынчсыздандырган негизги суроолордун бири болду. “Акжолчу” депутат Ибрагим Жунусов мына ушул карыз үчүн эң биринчи Ош шаарында көгүлтүр от өчүрүлгөнүн белгилеп, кышында абал кандай болоруна кызыкты:

-1-декабрга чейин карыз төлөнүп бүтөт деген кепилдик барбы? Эгер жок болсо, дагы биринчи Ош шаарын өчүрөсүңөрбү? Эмне үчүн “Кыргызгаздын” карызы үчүн Ош жабыркашы керек?

И. Жунусовдун суроосуна 1-вице-премьер-министр А. Жапаров келе жаткан кышында отун-энергетика каатчылыгы болбойт, деп жооп берди:

- Кыргыз өкмөтүндө акча бар. Биз кол коюлган график менен карызды төлөп атабыз. Бүгүнкү күндө 11 млн. доллардан ашык карыз бар. 15-ноябрга чейин 6,3 млн. долларды төлөйбүз. Андан кийин 5 млн. долларын 1-декабрга чейин төлөп кутулабыз. Газ болот. Азыркы күндө ошол акча кайра банкка кантип кайтарылат, мына ушунун үстүнөн иштеп жатабыз.

Өткөн айда Өзбекстан Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетика системасынан чыгарын маалымдаган. Сегиз күн мурун Казакстан түндүк бөлүгүн өзүнчө түзүлгөн энергетика айлампасына алып кетерин жарыя кылды. Депутаттар бул маселе боюнча бушаймандыгын билдирип, буга карата Кыргызстандын даярдыгын сурашты.

Энергетика министри Илияс Давыдовдун сөзү боюнча, бирдиктүү энергетика түйүнүнөн чыккан эч ким жок, кышкысын кыргыз, өзбек, тажик, казак жана түркмөн энергетиктери параллель иштей беришет, ал эми "Датка" подстанциясын иштетип, Кеминге чейин жогорку чыңалуудагы зым тартуу Кыргызстандын алдындагы 1-кезектеги маселе:

- "Датка" подстанциясы Өзбекстан бирдиктүү системадан чыгып кетсе пайда болуучу маселелерди гана чече алат, бирок толугу менен маселени чече албайт. Анткени биздин электр энергиясы түштүктө иштелип чыгат, ал эми түндүккө ошол эле энергияны биз башка өлкөлөр аркылуу алып келип жатабыз. Ошондуктан, "Датка" подстанциясы маселенин 60-65% гана чече алат.

Депутаттар отун-энергетика жаатында өкмөттүн ишине жалпы канааттандырарлык деген баа беришти. Бирок “Кыргызгаз” ишканасынын дарегине бир катар катуу сын-пикирлер айтылды.

“Акжолчу” депутат Азамат Арапбаев “Кыргызгаз” ишканасынын жетекчилигинин ишин текшерүүгө алууну сунуштады. Ал ишкананын иши тууралуу эч кандай маалымат жоктугун белгиледи:

- Бүгүнкү күнү бизге газ кандай келет, кантип бөлүнөт, керектөөчүгө кантип жетет, бул белгисиз. Газ үчүн төлөнгөн акчалар кайда кетип жатат? Газ түтүктөрүнүн баары совет мезгилинде коюлган. Эмнеге башка коңшулар Өзбекстан менен газдын баасын ылайыктуу эле сүйлөшө алышат, ал эми бизге келгенде эле ар кандай шылтоолор табыла берет? - деп белгилеген депутат ишканага мамлекет тарабынан катаал көзөмөл кылуу зарылдыгын белгиледи.

Бүгүнкү парламентте айтылган маалыматка ылайык, жаңы жылдан тартып электр энергиясынын баасы көтөрүлөт. Энергетика министринин “Азаттыкка” билдиргени боюнча учурда тариф саясатын тескөөчү департамент бааны аныктоонун үстүндө иштеп жатат:

-Энергетика тармагынын абалы өтө оор. Ошондуктан, электр энергиясынын баасын көтөрбөй туруп, биз тармакты жакшырта албайбыз, тескерисинче жок кылып алышыбыз мүмкүн. Ошондуктан, кечээ премьер-министрдин катышуусунда буга байланыштуу атайын комиссия түзүлдү. Комиссиянын негизги милдети – тарифти элдин талуу катмары көтөрө ала тургандай кылып иштеп чыгуу.

Министр Илияс Давыдовдун айтуусунда, баалар канчага өсөрүн мына ушул комиссия аныктайт.

Баалар көтөрүлгөнүнө байланыштуу каржы министрлиги келерки жыл үчүн элдин талуу катмарына атайын каражат бөлүүнү караштырууда. Каржы министри Марат Султановдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, быйылкы жылы газ үчүн карызды жабуу үчүн бюджеттик мекемелерге түздөн-түз насыя түрүндө 700 млн. сомго жакын каражат берилди, келерки жыл үчүн соцфонд аркылуу пенсия-пособияларга да кошумча компенсациялар берилет.

2010-жылга Өзбекстандан газ сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр ноябрь-декабрь айларында жүргүзүлөт. Энергетика министри И. Давыдовдун “Азаттыкка” айткан маалыматы боюнча, кыргыз тарап келерки жылга бааны газдын миң кубуна 240 доллардан ашырбоого аракет кылууда. Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жыл үчүн Кыргызстан Өзбекстанга газдын миң кубуна 240 доллар төлөп жатат.