Оппозициялык күчтөрдүн аракетинен майнап чыгабы?

Учурда оппозициялык күчтөр ноябрь-декабрь айларына белгилеп жаткан саясий иш-чараларга кызуу камынып жаткан кези. Оппозициялык күчтөрдүн иш аракеттери канчалык майнаптуу болот?

18-ноябрда Элдик револяциялык кыймыл Талас шаарында элдик жыйын, андан бир жума өтпөй 25-ноябрда “Акыйкат үчүн”кыймылы Элдик курултай өткөргөнү жатат. Ал эми “ЭрК” партиясы бардык жарандарды социалдык-экономикалык туңгуюкка түшүүгө, адам укуктарынын бузулушуна “Жок!” деп айтууга чакырууда. 16-декабрга белгиленип жаткан партиянын нааразылык акциясы республика боюнча өтмөкчү.

Турсунбай Бакир уулу баштаган "ЭрК" партиясы эмки айда республика боюнча нааразылык акцияларын өткөргөнү жатат.


“Акыйкат үчүн” кыймылы 25-ноябрда Элдик курултай өткөрөбүз деп жар салаары менен бул иш чарага бир жума жетпей дагы бир саясий акция болоору белгилүү болду. Тилектештик меморандумуна кол койгон саясий кыймыл, партиялардан айырмаланып президентти кызматтан кетирүү талабы менен 18-ноябрда Элдик революциялык кыймыл Талас шаарында элдик жыйын өткөргөнү жатат.

“Ак жол” фракциясынын депутаты Бейшенбек Абдырасаков оппозиция өкүлдөрүнүн мындай иш аракеттеринен майнап чыгаарына көзү жетпестигин айтат. Ал муну учурда оппозиция элдин ишенимине артпай калгандыгы менен негиздеди. Б.Абдырасаковдун пикиринде, Кыргызстандагы энергетика каатчылыгы, дүйнөдөгү каржы кризис оппозициянын чырагына май тамчы болуп, алар муну менен пайдаланып жатышат:

- Бир жылдан кийин президенттик шайлоо болот эмеспи. Анын алдында саясий абал курчуйт, пикет, митингдер болот. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Дүйнө жүзүндө кризис болбосо, Кыргызстанда электр энергиясы өчпөсө оппозицияга да шылтоо жок болмок, эл да аларды колдобойт болчу.

Айрым талдоочулардын пикиринде, оппозициянын максаты бир болгону менен, бийликке койгон талаптары бири-бирине шайкеш келбей жатат. Маселен Элдик революциялык кыймыл өлкөнү ушундай кризистик абалга президент алып келди деп, К.Бакиевди кетирүү талабын коюп жатса, мурунку аткаминерлер башында турган “Жаңы Кыргызстан” партиясы президентти кетирүүгө негиз жок экенин айтып чыкты. Өкмөттүн курамын кыскартууну сунуш кылган бул партия энергетикалык кризиске, коррупциянын тамыр жайышына алып келген азыркы өкмөт кетиши керек деп эсептейт.

"Акыйкат үчүн" кыймылы быйыл жазында да элдик курултай өткөрүп, бийликке бир катар талаптарды койгон


Мына ушинтип ар башка талаптарды коюп, бирдиктүү иш алып бара албай жаткандыгынан оппозиция уюштуруп жаткан саясий иш чаралар жыйынтык берээри анык эмес, дейт “Ар-намыс” партиясынын түштүк региону боюнча координатору Бөдөш Мамырова:

- Мындан жыйынтык чыгат деп айтуу кыйын. Анткени бири Курманбек Бакиев отура берсин, өкмөт эле кетсе оңолобуз десе, экинчиси жок, биз К.Бакиевди кетиребиз дешет. Башкасы парламент тарасын деген талаптарды коюп жатышат. Оппозиция биригебиз деген менен, бирок бирикмек турсун үч уюмдун ою үч жактан чыгып жатат.

Оппозиция бийликтин жүргүзгөн саясатына нааразылыгын бидирип буга чейин да курултай, бир катар акцияларды өткөрүп келген. Бирок бийлик анда коюлган талап, сунуштарды көңүл сыртында калтырып келгендиктенби коомчулукта оппозициянын аракеттеринин жыйынтык бере тургандыгы мына ушундай пикирлерди жаратууда.

Оппозициялык күчтөр ушул айдын башында биригүү меморандумуна кол коюшту

Ошентсе да “Ак шумкар” партиясынын лидери, Коомдук парламенттин мүчөсү Темир Сариев оппозициянын буга чейинки аракеттери бийликке таасир кылып келгенин айтат. Саясатчынын белгилешинче, эгерде оппозиция ушул күнгө чейин бийликке сын-пикирин айтып келбесе, анда бийлик башындагылар элди ойлобой, өзүм билемдик саясатын жүргүзүп келмек. Ошодуктан, дейт Т.Сариев, турмушту оңдойбуз деп максат коюп жаткан саясий күчтөрдүн учурдагы аракеттери эртели-кечпи өз жыйынтыгын берет:

- Бир адам туруп алып ушунча элдин убалына кала албайт. Өзүнүн жалгыз турмушун оңдоп алса да, учурда бүт кыргыз элинин турмушу жакырчылыкка такалып турбайбы. Биздин жасап жаткан иштер да жыйынтыгын берип жатат. Биз көп нерселерди жасап жатабыз, алардын жыйынтыгы бар. Эгер биз да унчукпай туруп калганда кандай саясатта жашайт элек, ким билет?..