Алексей Навальный №1 атайын кармоо жайында 30 күндүк административдик жаза мөөнөтүн өтөп жаткан. 28-июлда эртең менен бети шишип, териси кызарып чыккан.
Саясатчы эмнеден улам аллергия болгону аныктала элек. Аны ууландырып коюшу мүмкүн деген божомолдор да айтыла баштады.
Алексей Навальный 24-июлда митинг уюштуруп, өткөрүүнүн тартибин бузду деген айып менен камакка алынган. Анын алдында саясатчы Москва шаардык кеңешине шайлоого катышпай калган талапкерлерди колдогон нааразылык акциясына чыгууга үндөп жаткан эле.
Навальныйдын күмөндүү оорусу
Алексей Навальный азыр Москвада 64-ооруканада жатат. 28-июлда саясатчыга анын көз догдуру Анастасия Васильева кыска мөөнөткө кирип чыккандан кийин Навальныйдын оорусу белгисиз химиялык затка байланыштуу болушу мүмкүндүгүн билдирди.
Дарыгер Васильева Навальный буга чейин эзели аллергия болбогонун, түрмөдө бардык эле адамдар жеген тамакты жегенин, атыр, же дагы башка жууна турган каражаттарды пайдаланбаганын билдирди.
Анастасия Васильева социалдык тармактагы баракчасына «биз анын териси кайсы бир «үчүнчү күчтөрдүн» жардамы менен белгисиз ууландыруучу химиялык заттан жабыркашы ыктымалдыгын жокко чыгарбайбыз» деп жазды.
Анын айтымында, полиция Навальныйды толук карап-текшерип чыгууга уруксат берген эмес. Дарыгер саясатчынын саламаттыгынын начарлап кеткенинин чыныгы себептерин жашырып жатышат деп боолголойт. Ошондой эле укук коргоо органдары, оорукананын башкы дарыгери чукул арада химиялык, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүшү керек деп эсептейт.
Москвадагы 64-оорукананын дарыгери Элдар Казахмедов Алексей Навальный аллергия болгонун билдирген. Анын айтымында, саясатчыны Москвадагы башкы иммунолог-аллерголог да текшерди. Ал да Навальныйдын бети-башы шишип, териси кызарып кеткенинин себебин аллергия менен байланыштырды. Оорукананын врачтары учурда Навальныйдын абалы жакшы экенин айтып жатышат.
Социалдык тармактарда Навальныйдын ооруканага жатып калганына байланыштуу түрдүү жоромолдор айтылып жатат. Абактардагы санитардык абалды жакшы билген укук коргоочу Александр Подрабинек Навальныйды кантала чагып алган болушу мүмкүндүгүн билдирди.
28-июлда кечинде Навальный жаткан оорукананын жанына анын ондогон тарапташтары чогулду. Полиция кармап кеткен адамдардын арасында журналисттер да болду.
«Медиазона» Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун юристи Александр Помузаев, сүрөтчү Георгий Марков кармалганын жазды. Фоторепортер пресс-картасы болгонуна карабай аны уруп-сабап, полиция фотокамерасын сындырганын айтып чыкты. Кармалгандардын бир бөлүгү полиция бөлүмүнө жеткирилди, журналисттер коё берилди.
Алексей Навальный 24-июлда кармалган. Ага «коомдук иш-чараны өткөрүү тартибин кайталап бузду» деген айып коюлган. Сот саясатчыны бир айга камакка алуу тууралуу административдик жаза чектеген. Анын алдында Навальный 27-июлда Москва шаардык кеңешине шайлоого катталбай калган оппозициячыл жана көз карандысыз талапкерлерди колдоп нааразылык акциясына чыгууга үндөп жаткан болчу.
Эл аралык коомчулуктун сыны
Ушул тушта эл аралык коомчулук Москвада митингге чыккандарга аёосуз күч колдонулганын айыптап жатат.
Европа Кеңеши Москва шаардык кеңешине шайлоого катталбай калган талапкерлерге байланыштуу жагдай тууралуу билдирүү жасады. Анда уюмдун баш катчысы Турбьёрн Ягланд өткөн ишембиде Москвада тынч жыйынга чогулгандарга жасалган мамилеге тынчсыздануу менен байкоо салып турганын белгиледи. Шаардык думага шайлоого оппозициялык талапкерлер катталбай калган жагдайды Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова менен талкуулагысы келерин айтты.
Турбьёрн Ягланд Орусия Европа Кеңешине мүчө мамлекет катары талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүп, шайлоо өткөрүүдөгү европалык стандарттарды сакташы, адилеттүүлүктү, ачыктыкты камсыздашы керектигин эскертти.
Мунун алдында Европа Биримдиги Орусиянын Москва шаарында нааразылык акциясына чыккандардын күч менен кууп таратылганын айыптап чыккан. Уюмдун атынан тышкы саясат жана коопсуздук боюнча комиссарынын басма сөз катчысы Майя Косьянчич тараткан билдирүүдө бул окуялар «сөз эркиндигине, жарандардын тынч чогулуу укугуна шек келтирет» деп айтылат.
«Тынч нааразылык акциясына чыккандарга күч колдонуу жана кармоо, ага улай эле оппозициялык саясатчыларга каршы тинтүү жүргүзүү, камакка алуу жарандардын тынч чогулуу укугуна өтө олуттуу шек келтирет. Бул - Орусиянын Конституциясында бекитилген жарандардын негизги укуктары. Биз бул укуктар корголот деп ишенебиз», - деп билдирди Мая Косьянчич.
Евробиримдик ошондой эле орус бийлигин 8-сентябрдагы Москва шаардык кеңешине шайлоодо талапкерлерге бирдей шарт түзүп берүүгө чакырды. Кремлди ЕККУ жана башка эл аралык уюмдардын алдында алган милдеттенмелерин эске салды.
Мунун алдында «Amnesty International» эл аралык уюму Москваны митингде кармалгандарды бошотууга жана укук коргоо органдарынын аракетине баа берүүгө чакырган. Уюмдун Орусиядагы өкүлү Наталья Звягина орус бийлигин демонстранттарга ашыкча күч колдонгонун сынга алды:
«Биз орус бийлигинен ушул окуялардын баарын чукул арада толук жана натыйжалуу иликтеп чыгышын, полициядан запкы көргөндөргө компенсация төлөнүшүн талап кылабыз. Тынч жыйынга чыкканы үчүн кармалгандардын баары бошотулушу керек. Оюн эркин билдирип, тынч жыйындарга чогулганы үчүн эч ким кармалбашы керек».
Митингден кийинки камоо токтой элек
Ал арада Москва шаардык кеңешине шайлоого катталбай калган көз карандысыз талапкер Дмитрий Гудковду 28-июлда полиция кайра кармап кетти. Бул тууралуу саясатчы «Телеграм-каналында» билдирди. Гудковду полиция 27-июлда митинг маалында кармаган, бирок 31-июлда сотко сөзсүз келүү талабы менен бошотулган болчу. Полиция ал күнү саясатчынын үйүн да тинтип, болгон техникасын алып кеткен.
Гудоковдун айтымында, полиция аны 14-июлда Москва шаардык шайлоо комиссиясынын жанындагы акцияга байланыштуу айып коюп жатат. Саясатчы ал күнү бул акцияга катышпаганын айтууда.
Митинг маалында полиция Москвадагы нааразылык акцияны түз чагылдырып жаткан «Дождь» телеканалында тинтүү жүргүздү. Андан мурдарак полиция «Навальный LIVE» студиясын жана Коррупцияга каршы күрөш фондун тинткен болчу.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 27-июлдагы митингге 3,5 миңдей адам чыкты. ОВД-Инфо укук коргоо порталы болсо мындан алда канча көп адам чогулганын кабарлады.
Полициянын маалыматына ылайык, митинг учурунда 1074 адам кармалды. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин дээрлик көбү коё берилди. Жалпысынан 152 адам 29-июлга чейин тергөө абактарында болот. Алардын бирөөнө «полицияга кол көтөрдү» деген айып менен кылмыш иши козголду.
ИИМ митингде кармалгандардын дээрлик теңине жакыны Москва шаарында катоосу жоктугу аныкталды деп билдирди. Коомдук тартипти бузгандарга карата тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертти.
Москва шаарынын бийлиги 27-июлдагы митингге уруксат берген эмес. Кремль жүздөгөн адамдын кармалышы менен аяктаган митингге байланыштуу расмий комментарий бере элек.