К. Бакиевдин Москвадагы иш сапарынын жыйынтыктары

Москвада 14-июнда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун кезектеги олтуруму өттү. Ага катышуудан Беларус баш тартты. Ошого карабай даярдалган документтерге кол коюлду. Курманбек Бакиев саммит ачылганга дейре бир сааттай убактысын бөлүп, Орусиядагы кыргыз жамаатынын жетекчилери менен элчиликте жолугушту.
Кремлде ЖККУ тобун түзгөн мамлекеттер жетекчилери колдорун койгон келишим негизинде эми керек учурда биргелешкен күчтөр ЖККУга кирген өлкөлөрдүн аймагында дароо чара көрө алышат. Документке Орусия, Армения, Тажикстан, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан президенттери колдорун коюшту.

Саммит алдында Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевди кабыл алды. Жолугушуу үстүндө орусиялык лидер кризис учурунда сооданын жүгүрүшү басаңдап кетпеши үчүн өз ара алыш-бериштеги басыкты мындан да күчөтүү сунушун киргизди.

Курманбек Бакиев саммит ачылганга дейре бир сааттай убактысын бөлүп, Орусиядагы кыргыз жамаатынын жетекчилери менен элчиликте жолугушту. Ага катышкан «Кыргыз биримдиги» диаспора тобунун төрагасы Абдыганы Шакировду «Азаттык» кепке тартты.

А. Шакиров: - Орусиянын аймактарынан келишкен кыргыз диаспора жетекчилери катышкандыктан суроо берилсин дешти. Биз президентке суроолорубузду бердик. Москвадагы кыргыз диаспорасынын атынан кыргыз маданий-улутук борборго делген жер бөлүндү делсе да берилбей келе жаткандыгына көмөктөшүп бериңиз деп өтүндүк.

«Азаттык»:
- Бул суроо, кантсе да, сизден түштү, мурдатан айтып келаттыңыз эле?

А.Шакиров: - Мен бердим. Мурунку президентибиз тушунда көтөрүлгөн бул суроо аягына чыкпай атпайбы. Кийинки учурда көп кыргыздар Орусиянын жарандыгын ала башташты. Акчасын Кыргызстанга жибербей бул жерден үй алып отурукташып атышат. Ошондуктан андай борбор абдан керек. Биздин «Кыргызстан биримдиги» диаспоралык коом эсеби менен алганда Москва жана Москвалык обулуста жарандык алган кыргыздар 50 миң кишиге жетет.

«Азаттык»:
- Сыйлоо да болгон экен, Сизге тийдиби?

А.Шакиров: - Ооба. Өз элине кызмат кылган кыргыз жарандарына деп президентибиз сааттарды тапшырды.

«Азаттык»: - Тышкы саясатка тиешеси бар кеп болдубу, айталы, Орусия – Кыргызстан же Кыргызстан - Кошмо Штаттары алакалары тууралуу.

А.Шакиров: - Президентибиз айтты, албетте, Орусия менен болгон мамиле аябай жакшырып кетип атат, бирок Американын учактык базасы чыксын дегенге карабай алар менен жаман болуп кеткен жокпуз, алар менен жана көп мамлекеттер менен жакшыбыз деп белгиледи.