Глобалдык климат бай жана кедей өлкөлөрдү араздаштырды

Индиялык экологдор Копенгагендеги дүйнөлүк жыйынга кайрылуу-сунуш топтоп жатышат. Дели, 8-декабр, 2009-ж.

Копенгагенде өтүп жаткан глобалдык климат боюнча жыйында өнүккөн бай өлкөлөр менен өнүгүү жолундагы мамлекеттер ортосунда нааразычылык пайда болду.
Копенгагенде дүйнөлүк климаттагы өзгөрүүлөрдү талкуулаган жыйын ачылгандан 2-3 күн өтпөй, анын корутунду чечими туурасында олуттуу ажырым келип чыкты. Өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн өкүлдөрү - кожоюн тарап Дания баш болгон бай өлкөлөр эмитен эле таратып ийген корутунду документ адилетсиз түзүлгөнүнө терең нааразы. Талашка түшкөн документ расмий түрдө бышыктала элек, бирок “Гардиан” баш болгон Лондондук бир катар басылмалар аны “даниялык текст” атап, корутунду долбоорду Британия, АКШ жана Дания колдойт деп кабарлашты.

Индиялык “Аракет жана жардам” уюмунун глобалдык климат боюнча кеңешчиси Хариеет Сингх “Азаттык” радиосуна Копенгагенден буларды билдирди.

- Дания өкмөтү баарына калыс карап, өнүккөн өлкөлөргө тартпай, уюштуруучулук ролун таза аткарса болмок. Мындай дымактуу документти көтөрүп чыгып, калыстыктан тайып, Дания тарап ишеничтен кетип калышы мүмкүн.

Даниянын бийликтери документте жашыруун эч нерсе жок, аны колдон келишинче кеңири таратууга аракет жасадык деп актанууда. Африка өлкөлөрүнүн өкүлдөрү шейшембиде Копенгагенде дүйнөлүк жыйын өтүп жаткан имаратты көздөй чогуу жөө басып барып, нааразычыл сөздөрдү кыйкырып, саммиттин иши үзгүлтүккө учуроого жакындап калганын кыйытышты. Камерундун өкүлү Аугустино Ниямнши Ройтерс телеканалы көргөзгөн интервьюсунда: “Биз жыйынды таштап чыгып кетебиз деген жерибиз жок. Бирок бизди антүүгө мажбурлашпасын. Африка азыртадан эле өтө ысып кетти. Башкалар биздин аркабызда пайда табышын каалабайбыз”, - деп ачууланды.

“Гардиан” гезити кабарлагандай, корутунду документтеги башкы жоболордун бирине ылайык, бардык өлкөлөр каражат топтой турган “Жашыл корду” башкаруу атайын кеңешке жүктөлөт, ага Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта корунун өкүлдөрү кирет. Мындай жобо өнүгүп келаткан өлкөлөр арасында глобалдык климатты турукташтырууга топтолгон каражат кайра барып эле Батыш тарабынан башкарылат деген нааразылыкты күчөттү. Анын ордуна алар дүйнөлүк “Жашыл корго” топтолгон акча Улуттар уюмунун глобалдык климаттагы өзгөрүүлөр боюнча тийиштүү комитетине жүктөлүп, ага өнүгүп келаткан жана жакыр өлкөлөрдүн өкүлдөрү киргизилишин талап кылышты.

Долбоордо андан сырткары орток кордон алынган каражат үчүн кедей өлкөлөр көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну азайтууга милдеттенме алаары айтылган. Анткен менен адистер документте белгиленген иш-аракеттер чектелүү болгондуктан, окумуштуулар талап кылгандай, жакынкы жылдары көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну 40%га кыскартуу максаты ишке ашпайт деген пикирде.