Украина: шайлоодон көңүлү калган эл, “баарынан чынчыл талапкер”

Украин парламенти чукул сессиясында шайлоо өнөктүгүн талкуулады. 13-январь, 2010-ж.

17-январда президенттик шайлоо өтө турган Украинадагы азыркы жагдай баарына көңүлкош шайлоочулар, ага карабастан жер-жерлерде добуш берүүгө кызуу камылга көрүү аракети менен коштолууда.

“Шайлоого кубаласа да барбайм”


Мындан беш жыл илгери баарын дүрбөлөңгө салган саргылт ыңкылап күндөрү киевдик кинорежиссер Роман Балаян көпчүлүктүн шарына кошулуп, Виктор Ющенкого добуш берген. Арменияда төрөлгөн белгилүү украин режиссеру азыр эми шайлоого бирөө кубаласа да барбай турганын айтат. “Мен 1991-чи, андан кийин 2004-жылы Ющенкого добуш бергем. Азыр эми шайлоого барбайм. Аларга добуш эле керек, элдин кереги жок. Андай нерсеге катышкым келбейт”, - дейт ал.

Алдын-ала сурамжылоо көргөзгөндөй, украиналык шайлоочулардын төрттөн бири режиссер Балаяндын көз карашын карманат. Ошол эле коомдук пикирди тыңшасак, талапкерлер жарышында саргылт ыңкылаптын душманы, мурдагы шайлоодо Ющенкого уттурган Региондор партиясынын башчысы Виктор Янукович алдыда келатат.

Эски оюнчулар алдыда, жаңылары артта

Янукович шайлоонун экинчи айлампасына премьер-министр Юлия Тимошенко менен чыгаары күтүлүүдө.
Януковичтин тарапкерлери 13-январда Киевде митинг өткөрүштү.


Бардыгы 18 талапкер катталганы менен, президенттик шайлоо өнөктүгү негизинен ушул эки атаандаш – Янукович менен Тимошенконун айланасынын чыккан жок. Алардын артында келаткан Ющенкого Василь Противсих, же фамилиясы “баарына каршы” деп которулган талапкер сүр көрсөтүүдө, айрым байкоочулар баарынан көңүлү кайт шайлоочулар ушул талапкердин ысымын жактырып алдыга чыгарабы деп тамаша салууда.

Ыкшоо даярдык, элди коркуткан “жел талапкерлер”

Разумков аттуу коомдук пикирди изилдөө борбору украин калкынын 7%дайы гана өлкө туура багытта баратат деп эсептээрин жарыялады. Элдин жашоо-турмуш деңгээли төмөндөп, баарын коррупция тушап алды деген ишенич калктын терең көңүлкоштугунун башкы себептери аталды.

Ушундай жагдайда Украинанын шайлоочулар комитети аттуу бейөкмөт уюмдун башчысы Олександр Черненко президенттик шайлоого даярдык ыкшоо жүрүп жатканын айтат. Черненконун айтымында, мурунку шайлоодо жергиликтүү комиссияларды жетектеп, аларга мүчө болгон адамдар азыр андай милдетти аткаруудан качып жатышат. Өлкөдөгү кырдаал шайлоого аябай таасир этти.

Украинанын коопсуздук кызматынын башчысы Валентин Налыващенко Киевдеги маалымат жыйынында айрым жасалма талапкерлер жалган маалымат таратып, шайлоого бут тосуп жатышканын белгиледи. Андай “техникалык талапкерлер” элди добуш бергени барганда, электр жана башка кызматтардын акысын төлөгөн кагазды ала барасыңар деп коркутуп жатыптыр. Андан сырткары жаш уландар добуш бергени барган жеринен армияга чакыруу алат дегендер да бар экен. “Мунун баары калп”, - деп ачууланды башкы чекист.

Сөз эркиндиги сайран курган жерде тамаша гүлдөйт

Атүгүл интернеттен чыкпаган эргулдар продайголос (добушуңду сат) аттуу сайт ача коюшуп, ал жерде добушун саткысы келгендер кезекке туруп калышыптыр. Бирөө төрт добушту муздаткычка алмаштырам десе, дагы бирөө фотоаппарат сурайт. Шаардыктардын добушу интернет анча жайыла элек айыл жериндегилерге караганда кымбат бааланып жаткан экен.

Бирок украиндердин шайлоосунун башкы тамашасы киевдик телеканал жараткан Евген Лупан аттуу телеталапкерге таандык. Күн алыс экранда көрүнө калган ал “баарынан чынчыл талапкер”:

- Мен уурдайм. Аны ачык, даана айтып коюшум керек. Бирок ай сайын канча уурдаганымды, ал акча кайда кеткенин баарыңарга айтып турам. Бетим тултуюп, ушунчалык семирет дейсиңер, ага түкүргүсү келген бардык украиндерге орун табылат, - деп саймедиреп турган кез.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украина: Калк тандоосу кандай болот?