Маселен, 29-30-октябрда Чүй, Бишкекте абанын булганышынын эң жогорку көрсөткүчү Ысык-Ата районунда катталып, PM2.5 бөлүкчөлөрүнүн концентрациясы нормадан 1,41 эсе жогору болгон. Аламүдүн районунда норма 1,27 эсе, Бишкектин Свердлов районунда 1,21 эсе ашык болгон.
Адистердин айтымында, күз-кыш мезгилинде Бишкекте көмүр жагуу күчөп, шамал аз болгон күндөрдө түтүн шаар үстүндө топтолуп калат. Натыйжада PM2.5 көрсөткүчү көбүнчө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган деңгээлден бир нече эсе ашып кетүүдө.
Адамдын ден соолугуна өтө зыяндуу PM2.5 бөлүкчөсү Бишкекте эмне үчүн көп учурда нормадан ашып жатат? Катуу суук баштала электе эле башкалаа Бишкек жана анын айланасында абанын булгануу себептери тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын (Кыргызгидромет) Атмосфералык абанын булгануусун байкоо бөлүмүнүн башкы адиси, инженер-эколог Гүлжан Эсенжановага бир нече собол менен кайрылдык.
- Бишкек жыл сайын күз-кыш мезгилинде абасы эң булганган шаарлардын сап башына чыгып жатат. Сиз иштеген ишкана дагы адам организмине зыяндуу делген PM2.5 майда бөлүкчөлөрүнүн концентрациясы нормадан ашып жатканы тууралуу маалыматтарды таратып жатасыздар. Ушул аптада абанын булганганын, чаң, ыш жыттана баштаганы мага да сезилди. Азыр күн андай деле суук боло элек. Бишкек жана анын айланасындагы конуш, кыштактарда эмнеге жыл сайын мындай көрүнүш кайталанып атат?
Гүлжан Эсенжанова
- Жай жана жаз мезгилинде абадагы булгоочу заттардын концентрациясы төмөн болот. Күз-кыш мезгилинде концентрация жогорулайт. Буга биринчи кезекте жылытуу мезгилинин башталышы, көмүр жана башка отундун түрлөрүнүн жагылышы себеп. Мындан тышкары кыш мезгилинде температуралык инверсия көп байкалат. Мындай учурда жылуу аба катмары муздак абанын үстүндө жайгашып, булгоочу заттардын жогору карай таркашына тоскоол болот. Шамалсыз, тынч аба ырайында шаардан чыккан зыяндуу заттар жакшы тарабай, жерге жакын аба катмарында топтолуп калат. Натыйжада, абанын булгануу деңгээли жогорулайт. Ошондой эле нормадан ашты деген бул абадагы булгоочу заттын концентрациясы белгиленген бир өлчөмдөн жогору болду дегенди билдирет, башкача айтканда абадагы зыяндуу заттардын көлөмү санитардык нормалардан, белгиленген деңгээлден ашкан. Бул абанын сапаты начарлаганын жана адамдын организмине терс таасир тийгизүүчү коркунуч бар экенин көрсөтөт.
- PM2.5 деңгээли өтө жогорулаган күндөрү калкка өзүнчө эскертүү берүү механизми бар да? Жарандар абанын сапаты тууралуу маалыматтарды кайдан көрүп, билсе болот? Абанын булганышы боюнча чогултулган маалыматтар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан канчалык деңгээлде колдонулат?
- Катталган көрсөткүчтөр боюнча айрым аймактарда абанын сапатындагы зыяндуу заттардын концентрациясы белгиленген ченемден бир нече эсе жогору болгон учурлар бар. Мындай учурларда калктын ден соолугуна терс тийгизе турган тобокелдиктерди түшүндүрүү жана элге маалыматты жеткиликтүү берүү максатында Кыргызгидромет Саламаттык сактоо министрлигинин адистери менен биргеликте абанын сапатынын индексин иштеп чыгып, расмий сайтка киргизди. Жөнөкөй тил менен айтканда, бул абанын сапатын жолчырактын түстөрүндөй кылып көрсөтүүчү көрсөткүч. Ал абанын канчалык булганганын жана ден соолукка кандай коркунуч жаратышы мүмкүн экенин түшүнүүгө жардам берет. Ошондой эле ар бир жаран Кыргызгидрометтин meteo.kg расмий сайтына кирип, "абанын булганышы" деген бөлүмдөн өзү жашаган район боюнча маалыматты көрө алат. Картадагы көрсөткүчтөр онлайн режиминде жаңыланып турат. Ошентип, ар бир жаран өз аймагындагы абанын сапатын көзөмөлдөп, карап турса болот.
- Абанын булганышы башкалаа Бишкектин кайсы тарабында көп катталат?
- Кыргызгидрометтин абанын булганышын байкоочу постторунан алынган маалыматка таянсак, Бишкек шаарынын түндүгүндө жана чыгыш тарабында зыяндуу заттардын концентрациясы башка райондорго салыштырмалуу жогору болгон учурлар бар. Бирок бул абанын булганышы ошол эле райондордо болот дегенди түшүндүрбөйт. Аба массасынын кыймылына жараша булгоочу башка аймактарда да топтолушу мүмкүн.
- Былтыр бийлик өкүлдөрү Бишкекте абанын сапаты боюнча маселе жакшы жакка өзгөрүп баратат деп айтышкан. Ошол эле кезде абанын сапатын көрсөткөн жабдыктарды алып коюшкан учурлар да болду. Сиздин оюңузча, азыркы кезге карата өзгөрүүлөр барбы?
- Ооба, Кыргызгидрометтин байкоо борборунан алынган маалыматтар боюнча акыркы жылдары Бишкек шаарында абанын сапатын жакшыртуу багытында оң өзгөрүүлөр бар. Буга мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан комплекстүү чаралар таасир этип жаткан болушу ыктымал. Мисалы, турак жайларды газдаштыруу иштери жүрүп, көмүрдүн ордуна жаратылыш газын колдонууга шарт түзүлүп жатат. Коомдук транспорттор да жаңыланып, газ менен жүрүүчү автобустар, электр автобустар көбөйүүдө. Бирок, бул маселе толук чечилди дегенди билдирбейт. Өзгөчө күз-кыш мезгилинде жылытуу сезону башталганда температуралык инверсия жана шамалсыз аба ырайынын таасиринен улам зыяндуу булгоочу заттардын концентрациясы кайрадан жогорулап, нормадан ашып кеткен учурлар катталууда.
- Сиздердин эсеп боюнча Бишкектеги абанын булганышынын эң чоң булагы эмне: көмүр жагуу, автоунааларбы же башка факторлорбу? Абанын сапатын жакшыртуу, элди таза аба менен камсыздоо үчүн көрүлүп жаткан аракеттерди жетиштүү деп айтса болобу?
- Атмосфералык абанын булганышын азайтуу - бул бир күндө же бир жылда чечиле турган маселе эмес. Комплекстүү жана узак мөөнөттүү чараларды талап кылат. Акыркы жылдары бир катар иштер жүргүзүлүп жатат. Башта айтып өткөндөй, турак жайларды газдаштыруу, коомдук транспортту жаңылоо, электр автобустарды киргизүү, абанын сапатына мониторинг жүргүзүү системасын модернизациялоо сыяктуу чаралар көрүлүп жатат. Албетте, бул иштерди улантуу жана күчөтүү зарыл. Анткени абанын булганышына бир эле булар эмес, автоунаалар, жылытуу системалары, өнөр жай, курулуш жана метеорологиялык шарттар дагы таасир этет. Кыргызгидрометтин негизги милдетине абанын сапатына туруктуу байкоо жүргүзүү, маалыматтарды талдоо, булгануу деңгээли тууралуу калкка өз убагында маалымат берүү иштери кирет. Ал эми абанын булганышын азайтуу үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин, ишканалардын жана ар бир жарандын биргелешкен аракеттери маанилүү болуп турат. Оң жакка өзгөрүүлөр бар. Бирок ушул кезге чейинки жетишилген натыйжа менен чектелбестен, абанын сапатын жакшыртуу боюнча иштерди улантуу керек.
Маалымат үчүн: PM2.5 деген эмне? PM2.5 - бир эле зат эмес. Ал абада калкып жүргөн ар түрдүү майда бөлүкчөлөрдүн аралашмасынан турат. Курамына төмөнкүлөр кириши мүмкүн: Көмүр, отун, бензин, дизел күйгөндөн кийин бөлүнүп чыккан бөлүкчөлөр, көө, чаңдын майда бөлүкчөлөрү, сульфаттар (күкүрт кошулмаларынан пайда болгон бөлүкчөлөр), нитраттар (азот кошулмаларынан пайда болгон бөлүкчөлөр), аммоний туздары, органикалык кошулмалар, оор металлдардын бөлүкчөлөрү (коргошун, кадмий, мышьяк жана башкалар болушу ыктымал).
PM2.5 бөлүкчөлөрүнүн көлөмү өтө кичине болгондуктан дем алуу жолдоруна терең кирип, канга сиңип кетүүгө жөндөмдүү. Ал адам организмине, айрыкча балдарга, улгайган адамдарга жана дем алуу органдарындагы дарттардан жабыркаган жарандарга өзгөчө коркунучтуу.
PM2.5 адатта көмүр жана отун жагуудан, автоунаалардын түтүнүнөн, Жылуулук электр борборлорунан, өнөр жай ишканаларынан, курулуш иштеринен, таштандыларды өрттөөдөн пайда болот. Бишкекте PM2.5тин пайда болушуна жеке үйлөрдө жана жаңы конуштарда көмүр жагуудан чыккан түтүн, автоунаалардын түтүнү, айрыкча дизелдик кыймылдаткычтар, ЖЭБ жана башка отун жагуучу объектилер, курулуш жана жол чаңы себеп болуп жатканын экологдор белгилеп келишет.
Эмнеге кооптуу? PM2.5 бөлүкчөлөрү дем алуу органдарынын ооруларын күчөтөт, астма жана бронхитке алып келиши мүмкүн, жүрөк-кан тамыр оорулары коркунучун жогорулатат, балдар, кош бойлуу аялдар жана улгайган адамдар үчүн өзгөчө кооптуу.
Адистер абанын булганышы күчөгөн мезгилде сыртта узак убакыт күч келтирген иштерди жана машыгууларды чектөөнү айрыкча тобокел тобундагы адамдарга сунушташат.
Күз келип, күн суукташы менен ушул аптада Бишкек кайрадан дүйнө жүзүндөгү абасы кир шаарлардын сап башына чыга баштады. Бир нече жылдан бери World Air Quality уюмунун индексинде Бишкек ыш, түтүндөн улам абасы эң булганыч шаарлардын сап башына утур-утур чыгып турат. Быйыл январь айында Бишкектеги аба сапатынын индекси 700дөн ашып, ден соолукка өтө кооптуу деген чектен ашып кеткен. Ошол эле айларда кыргыз өкмөтү соңку эки жылда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда абанын сапаты жакшырып жатканын билдирген.