Ооганстан ачкадан өзөрүп турат

Ооганстанда ачкачылыкка кабылган балдар.

БУУнун маалыматына караганда, Ооганстанда тамак-ашка муктаж адамдардын саны 13 миллиондон ашты.

Ондогон жылдарга созулган чыр-чатактардан жана эки жыл мурдагы кургакчылыктан улам көптөгөн оогандыктар үй-бүлөсүн азык-түлүк менен жетиштүү камсыз кыла албай келет. Алар күн сайын ачарчылык менен күрөшүүгө аргасыз. «Азаттыктын» ооган кызматы Кабулда оор турмушта жашап жаткандар менен баарлашты.

Үч баланын энеси Шазия Кабулдагы аргасыз жер которгондордун кыштагында жашайт. Ал үй-бүлөсү менен ачка калып, оор турмушту баштан өткөрүп келет.

Шазия үй-бүлөсү менен.

«Жолдошум Кабулдун Вазир Акбар Хан районунда өлтүрүлгөн, - деди ал. - Көзү тирүүсүндө араба түртүп иштеп, бизди оокат-аш менен камсыз кылып турчу. Мен Кудайдан жалгыз калтырбоону, башкаларга жалдыратпоону суранам. Менин тууган-туушканым да жок. Болбосо мындай абалда калбайт элем. Күн бою ачка жүрүп, түндө гана эптеп тапкан оокат менен тамактанып жүргөнүбүздү бир Кудай гана билет».

Ооганстанда элдин мындай абалга кептелиши ондогон жылдардан бери токтобой келаткан чыр-чатактар менен байланыштуу. Буга 2017-жылдагы катуу кургакчылык кошул-ташыл болду.

Ооган өкмөтүнүн статистикасы боюнча, ушу тушта калктын теңинен көбү кедейликтин жеткен чегинде. Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба башкармалыгынын эсебинде, 13,5 миллион оогандык тамак-ашка муктаж жана тое тамак жебейт. Алардын басымдуу бөлүгү бир күндө бир эле жолу тамактанат.

15 кишиден турган үй-бүлөнү баккан Хандын бир күндө тапкан каражаты 3 долларга жетпейт экен.

«Мен курсагым тойгуча тамак жей албайм. Анткени күнүнө 100-200 афгани (1,30-2,60 доллар) гана табам. Бул акчаны балдардын тамак-ашына жеткиришим керек. Кээде алар ачка эле жатууга аргасыз болушат», - деди ал.

Хандын атасы түрмөдө болгондуктан, ал өзүнүн балдары менен кошо бир туугандарын да багууга мажбур. Анын карындашы Фарзана бойго жете элек.

«Биздин ишенген агабыз эле бар. Анын тапканына кээде шамшум этип калабыз, айрым учурда ачка калабыз. Кээ бир күндөрү ал үйгө 200 афгани алып келет. Кээде араң 20 афгани тапкан күндөр болот. Биз үй-бүлөдө 15 кишибиз», - деди ал.

Кабулдагы аргасыз жер которгондордун турагындагы мектептин окуучулары нан менен суу ичип жашоого жедеп көнүп бүткөн. Алардын көбүнүн ата-энеси жок.

Ооганстандык окуучу Сахар.

Маселен, ата-энеден эрте айрылган Сахар аталаш агасынын колунда.

- Ал агамдын көзү азиз. Балдары да көп. Үйдө тамак-аш тартыш. Кардым тойбойт деле.

«Азаттык»: - Кечинде тамактанбай эле жатып алган күндөр көп болобу?

Сахар: - Билбейм.

Эки жыл мурдагы катуу кургакчылыктан Ооганстандын 34 провинциясынын жарымы зыян тарткан. Эл аралык уюмдар өлкөдөгү гуманитардык кризистин кесепети оор болорун эскертип жатышат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.