АКШ: Ооганстандагы кырдаал начарлайт

Кабулдагы жардыруудан кийин. 3-май, 2017-жыл.

Ооганстандагы коопсуздук кырдаалы алдыдагы бир жарым жыл ичинде дагы начарлайт. Мындай божомол АКШ Сенатынын чалгын комитетиндеги атайын угууларда айтылды. Кошмо Штаттар менен катар НАТО өлкөлөрү учурда Ооганстандагы аскерлерин көбөйтүү боюнча чечим кабыл алуу алдында турат. Бирок бул чет элдик күчтөр мурдагыдай болуп согуштук операцияларга кайра тикелей катышат дегенди билдирбей турганы да айтылууда.

Ооганстандагы кырдаал алдыдагы 18 айда оңолбостон кайра начарлай турганы жөнүндө Сенаттын чалгын комитетиндеги угуу учурунда АКШнын Улуттук чалгын боюнча директору Дэн Коутс билдирди.

Ал белгилегендей, бул өлкөдө АКШ аскерлеринин санынын бир азга көбөйтүлүшү деле кырдаалдын жакшыруусуна олуттуу салым кошо албайт:

- Кошмо Штаттардын чалгын жамааты Ооганстандагы саясий кырдаал жана коопсуздукка байланышкан кырдаал АКШнын менен анын өнөктөштөрүнүн аскерий жардамы бир аз көбөйгөн күндө да 2018-жыл ичи начарлачудай деп эсептейт. Бул начарлоо Ооганстандагы оор экономикалык кырдаал менен негизделет. "Талибандын" өзгөчө айыл аймактарында утушка жетишүүсү уланчудай. Ооган коопсуздук күчтөрүнүн ишмердиги "Талибандын" операцияларынан, жоготуулардан, дезертирликтен, материалдык-техникалык колдоонун начарлыгынан, жетекчиликтин алсыздыгынан улам жакшы эмес.

Ал эми аскерий чалгын боюнча агенттиктин башчысы Винсент Стюарт кырдаалга төмөнкүдөй баасын берди:

- Биз коопсуздук чөйрөсүн туңгуюкта деп мүнөздөй алабыз. Демек биз буга чейин жасап келгенден абдан айырмаланган башка нерселерге баруубуз абзел.

Америкалык медиа ушул аптада жазгандай, Вашингтон "Талибанга" жана "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөшүү үчүн Ооганстандагы аскерлеринин санын 3 миңге көбөйтүүнү караштырууда. Пентагондон Ак үйгө мына ушундай сунуш жолдонду.

Кезинде саны 100 миңден ашуун аскерлер чыгарылып, 2014-жылы НАТОнун бул жердеги согуштук операциялары расмий аяктаган соң азыр Ооганстанда 13 миңдей чет элдик аскер калган. Алардын 8400ү америкалык, калганы НАТОнун башка өлкөлөрүнүн жоокерлери.

АКШнын Ооганстан боюнча атайын башкы инспектору өткөн айдын соңунда Конгресске жолдогон акыркы баяндамада ооган өкмөтү азыр өлкөдөгү 407 райондун 59,7% гана көзөмөлдөрү көргөзүлгөн.

Мазари-Шарифтеги аскерий базага кол салынгандан кийин. 21-апрель, 2017-жыл.

Өткөн аптада эле "Талибан" өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Кундуз провинциясынан дагы бир районду басып алган. Андан мурун Тажикстан менен тикелей чектеш Бадахшан провинциясынан апрелдин соңунда басып алган Зебак району кайра ушул аптада кайра өкмөттүк күчтөр тарабынан бошотулду.

Ооганстандагы аскерлеринин санын бир азга көбөйтүүнү НАТОнун башка өлкөлөрү да караштырууда. Бул тууралуу башкы катчы Йенс Столтенберг ушул аптада Британияда болгон учурунда айтып, бирок бул согуштук операцияларга тикелей катышуу дегенди билдирбесин белгиледи:

- Биз аскерий бийликтерибизден Ооганстандагы аскерий турумубузду бир нече миң жоокерге көбөйтүү менен чыңдоо жөнүндө өтүнүч алдык. Азыр биз бул өтүнүчтү карап жатабыз. Бирок бул Ооганстанда аскерий операцияга кайра аралашуу дегенди билдирбейт. Биз мурдагыдай эле операцияларга кеңеш берүүнү, колдоо көргөзүүнү гана улантабыз. Анткени мен бекем ишенгендей, терроризмге каршы күрөштүн эң жакшы куралы жергиликтүү күчтөрдү мына ушул күрөшкө үйрөтүү. Ооганстандагы аскер контингентибиздин жалпы саны боюнча чечимди алдыдагы бир нече аптада кабыл алабыз.

Ушул айдын соңунда Брюсселде НАТОнун кезектеги саммити өткөнү жатат. Ооганстан анын күн тартибиндеги негизги маселелердин бири болору күтүлүүдө.

Бул аралыкта Ооганстандын өзүндө өкмөт ири колбашчылардын бири менен түзгөн талаштуу макулдашуунун аткарылышы жагынан айрым маселелер чыкканы белгилүү болду.

Гүлбеддин Хекметияр (солдон үчүнчү) Ооганстанды мурдагы жана азыркы лидерлери менен. Кабул, 4-май, 2017-жыл.

Жакында эле Кабулга өзү да чоң салтанат менен кайтып келген Гүлбеддин Хекметиярдын "Хизб-и-Ислами" тобу куралсыздануудан баш тартып, муну өз коопсуздугун коргоо жүйөсү менен түшүндүрүүдө.

Президент Ашраф Ганинин кеңсеси алардын мындай кадамын тынчтык келишимдин шарттарын бузгандык катары баалоодо. Хекметиярдын "Хизб-и-Ислами" тобунун кеминде 3500дей согушкери бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.