Оорукана издеген эл, карантиндин сабагы

Cузак району. 14-июль, 2020-ж.

"Азаттык" аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат.

Жалал-Абад

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук ооруканасы пневмонияга чалдыккан бейтаптарды кабыл албай жатат.

Алдын ала даярдалган 100 орунда учурда 108 адам дарыланууда. Алардын ичинен 50 бейтаптын абалы оор. Мындан улам Сузак районундагы Октябрь аймактык ооруканасына кошумча 50 орун даярдалды. Ал эми коронавирус жуктуруп алган 13 адам жугуштуу илдеттер бөлүмүндө жатат. Сузак районунун ар бир айыл өкмөтүндө бирден күндүзгү стационар ачылып, 350дөн ашуун орун даярдалган. Бирок азыр алардын экөө гана иштеп жатат. Сузак аймактык ооруканасында сегиз ИВЛ аппараты, 30 кычкылтек концентратору бар.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сузакта оорукана толуп, бейтаптар кыйналды

Бишкек

Кыргызстанда коронавирус пандемиясында дары-дармек табуу машакатка айланды. 12-июлда сейрек дарылардын бири гепарин сатыкка чыкканы менен, ага кезекке тургандар көп. Айрым дарыларды чет өлкөдөн гана табууга болот. Буга чейин өкмөт башчы Кубатбек Боронов кампаларды эки айга жетчүдөй дары менен толуктоону тапшырган эле.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Жөнөкөй парацетамол да жок...". Илдет күчөгөндө дары көздөн учту

Ал эми Бишкекте түнкүсүн иштөө үчүн жаңы ачылган эки стационарда 15-июлга караган түнү 282 бейтап тейленди. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан 220 орунга эсептелген түнкү эки стационар 14-июлда ачылды. Алар кечки 9дан эртең мененки 9га чейин иштейт.

Ысык-Көл

Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Балыкчы шаарындагы фитосанитардык бекетте Ысык-Көлгө кирген ар бир кишинин дене табы текшерилип, өткөрүлүп жатат.

Ысык-Көлгө киргендердин дене табы текшерилип жатат

Ош

“Пандемия мени кандай өзгөрттү?” подкаст сынагына Оштогу “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарийка Асылбекова баян жөнөттү. Ал март айынан май айына чейинки 73 күндүк карантинди кандай өткөргөнүн баяндайт. Кризистик борборго баш калкалап келген кыз-келиндердин абалын, карантин учурунда үй-бүлөлүк зомбулук күчөгөнүн мисалдар менен айтып, кейиди.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Карантиндеги 73 күн...

Ал эми Ош шаардык соту 15-июлдан тартып белгисиз мөөнөткө карантинге жабылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна мекеменин басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов билдирди.

Анын айтымында, тергөө судьялары жумуштун жагдайына жараша иштей беришет.

Спорт

Кыргызстандык спортчулар топту чебер элөө боюнча дүйнө чемпионатында алтын байгенин ээси болушту. Пандемияга байланыштуу онлайн өткөн эл аралык мелдеште Кыргызстандын эркектер командасы 34 команданын арасынан жеңүүчү болду. Мелдеш "Homeless World Cup Foundation" эл аралык уюму колдоосу менен уюштурулган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз спортчуларынын пандемиядагы жеңиши

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​