Ак илбирс, Тянь-Шань аюусу, аркарды кантип сактайбыз?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ак илбирс, Тянь-Шань аюусу, аркар. Кыргызстан - биологиялык түрдүүлүк боюнча дүйнөдөгү өзгөчө маанилүү аймактардын бири. Өлкөнүн тоолуу экосистемасы, мөңгүлөрү, сейрек кездешкен жаныбарлары жана өсүмдүктөрү Борбор Азиянын экологиялык коопсуздугу үчүн чоң мааниге ээ. Бирок климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн тездик менен эриши, жаратылыш ресурстарына күчөгөн басым жана каржылоонун жетишсиздиги бул байлыкты сактоо маселесин күн тартибине чыгарууда. Биологиялык түрдүүлүк боюнча дүйнө коомулугунун алдында Кыргызстан кандай милдеттенмелерди алат, кандай колдоого жана чечимдерге жетишүүнү көздөйт? Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев Ереван шаарынан «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.