Ак-Ордо: төрт баланы көчөдө калтырган жер талаш

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ак-Ордо конушунун тургуну Марал Шаболотованын үйү сүрдүрүлүп, төрт баласы, пенсиядагы апасы менен көчөдө калды. Жогорку Сот келиндин үйүн бузууга анын мыйзамсыз курулуш жүргүзгөнү себеп болгонун билдирди. Коомчулуктун реакциясынан кийин өкмөт келинге үй салып бере турганы белгилүү болду. Ага чейин Ак-Ордонун жашоочулары бул үй-бүлөгө боз үй тигип беришти. Окуянын чоо-жайы менен толук видеодон тааныша аласыз.