АКШдан келип, англис тилин үйрөткөн ыктыярчылар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандын алыскы айылдарында жашаган окуучулар англис тилин быйыл да бекер окушат. Ал үчүн Тынчтык корпусу 26 ыктыярчыны өлкөнүн алты облусуна жөнөткөнү турат.

1992-жылы АКШ жана Кыргызстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимдин негизинде иш алып барган чет элдик мекеме бул жылдар аралыгында 1300 ыктыярчыны алып келип, кыргыз жеткинчектерине чет тилди үйрөткөн.