Аламан улактагы кырcык. Көк бөрүчү Манас Ниязов кечирим сурады

Коллаж

Өзгөн районундагы аламан улакты көрүүгө келген эки адам кырсыкка учурап, бирөө каза болгону кабарланды. Кырсыктан улам бул оюнга катаал эрежелерди киргизүүнү сунушташууда. “Аламан улак” федерациясы кечээги оюнда одоно эреже бузуу болбогонун билдирди.

8-февралда Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгинде болгон аламан улакты көргөнү келген эки киши кырсыктаган.

Каргаша белгилүү улакчы Манас Ниязов уулдарына той берип, бир нече автоунаа, төө, мал-жандыкты байгеге сайып, оюн уюштурган маалда болгон.

Улакчы болуп өткөн окуялар үчүн элден кечирим сурады.

Манас Ниязов

“Автоунаа токтоого жыйырма гектарга жакын жер даярдадык. Улак чабыла турган жер 50 гектарга жакын болсо керек. Канча адам келгенин деле билбейм. Бири беш миң, бири андан көп дейт. Ата-бабалардын салты экен, ошону улап, ата-энебизге, балдарыбызга той бердик. Кырсык болгонун кеч билдим. Эки кырсык тең улак чабылган аймактан сырткары жерде болгон. Бирок кечирим сурайм. Кечээ оюн өткөн талааны тазалаганга жетишпей калдык эле. Бүгүн туугандар, досторубуз чогулуп, тазалап жатабыз”, - деди Ниязов.

Ал арада Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Өзгөндөгү аламан улактан кийин айлана-тегеректи булгаганы үчүн уюштуруучулардын бири Жаныш Ниязовго айып салганы белгилүү болду. Укук бузуулар жөнүндө кодекс боюнча айыптын өлчөмү 5500 сомду түздү.

Милиция билдиргендей, каза болгон 27 жаштагы киши атын сугаруу үчүн Жазы дарыясына барган. Ал жерден аргымак тайып, дарыяга түшүп кеткен.

Кырсыктаган экинчи адам астындагы автоунаасы менен улак көргөнү дөңгө чыкканда тайгаланып, жол четинде токтоп турган машинени сүзгөн.

Оор жараат алган 26 жаштагы жаран учурда Жалал-Абад облустук ооруканасында дарыланууда.

Өзгөндө өткөн аламан улак маалында тартылган сүрөт. 8-февраль, 2026-жыл.

“Ош-Бишкек трассасында Кемпир-Абадга жетпей автоунаасын кырга токтото коём деп 200 метрдей бийиктиктен жол кырсыгына учураган. Бизге келгенде бейтаптын мээси чайкалып, башы жарылып, сол билеги сынганы аныкталды. Эки буту тең жараат алган, оң бутунун жарааты ачык. Сол саны эки жеринен сынган. Азыр бейтаптын абалы туруктуу", - деди дарыгер Адилбек Абдукадыров.

Оюнду өткөрүү жергиликтүү бийлик менен макулдашылганы белгилүү болду. Аны көрүүгө Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Кытай, Ооганстандан бери улакчылар келген.

Аламан улактын кереги барбы?

Аламан улакты видеодон көргөндөр социалдык тармакка ар кандай пикирин жазышууда. Алардын бири жапайылыкты токтотуп, интеллектуалдык спортко көңүл бурууну сунуштаса, башкалары бул улуттук оюнду сактап калуу керектигин белгилешет.

Мамлекеттик катчы Арслан Капай уулу улуттук оюнду XXI кылымга ылайыктап ойноо керек деген пикирде.

Арслан Капай уулу.

“Союз мезгилинде улак тартыш унутулуп калган. Бул оюн биздин тарыхыбыз менен ата-бабаларыбыздын заманынан бери келаткан өнөр. Өнөрдү өздөштүрүү үчүн бир нече кылымды басып өткөнбүз. Эми муну XXI кылымга кантип алып өтөбүз, кантип ылайыкташтырабыз деген суроо бар. Акыркы убакта кырсык, башаламандыктар болуп кетүүдө. "Аламан" деген сөздү таптакыр аламанга айландырып алдык. Жоокерчилик мүнөздү көрүп турганыбыз жакшы, ошону менен бирге эрежелерди да андан ары өнүктүрүү керек. Мисалы, улак ойноочу жер, көрүүчүлөр үчүн жай, адамдын жана жаныбардын коопсуздугу, мындан сырткары жалпы маданиятыбыз да туристтерди суктандырган деңгээлге жетиши керек. Ал эми байгелер боюнча спорт оюндарында чектөөлөр жок. Ал жерде өткөн заман менен азыркы замандын байланышы бар. Мисалы, "мынча баш мал сайылды" деп жатышат. Мени ойлондурганы - элдин коопсуздугу”.

Дагы караңыз Көкбөрү: Камсыздандыруу полисин албаган улакчылар ойнобойт

Тарыхчы, жарандык активист Чоробек Сааданбек улак тартууну тыюу керек дегенге кошулбайт. Ал Фейсбук баракчасында жапондордун көптөгөн улуттук оюндары бир кезде согуштук өнөр катары колдонулганын жазды.

"Бир кездеги согуш өнөрүн спортко айлантып, жапондор байыркы өнөрлөрүн, маданиятын дүйнөгө жайылта алышты. Жудо, карате до, айкидо, кендо - мунун баары эле учурунда чыныгы согуш өнөрлөрү болгон. Жапондор дагы кийин жай турмушка өткөндө, эски кандуу согуш өнөрлөрүн кансыз жашоого ылайыкташтырып сактап калуу маселесин чечишкен. Согуш өнөрү менен спорттун негизги айырмасы - согуш өнөрүндө эреже жок. Мисалы, күттүрбөй кол салып жеңишке жетүү - негизги согуш ыкмаларынын бири.
Мына азыркы жудону алалы. Ал азыр спорт. Мурдагы киши өлтүрүүчү өнөрдүн жумшартылган заманбап варианты. Көптөгөн чектөөлөр, эрежелер, кодекси, тартиби менен спортко айланып, эми жапон элинин философиясын, маданиятын бүт дүйнө таанытып, бүт дүйнө эли урматтап сүйгөн Олимп оюндарынын бир мыкты түрүнө айланды.
Баштапкы согуш демин жумшартып, агрессияны чектеп, үйрөнүүчүлөр, катышуучулар үчүн коопсуз болгудай эрежелерди киргизип, аны таза мелдешке айлантуу, балким байыркы өнөрдүн сакталып калууга болгон бирден бир жолудур. Балким бул аламан улак дагы таза спортко айланып кете алат. Тажрыйба кашыбызда".

Анткен менен акын Мелис Маматжанов улакка кызыккандай, билимге кызыгуу болбой жатканына кейиди.

"Улакка кызыккандай, билимге да жабыла кызыксак. Бир күндүк шаң, чаң менен өткөн улак эмес, бир өмүргө жол ачкан билим үчүн таймашсак… Улактагы баш байгенин акчасын, чет өлкөдө билим алам деп көксөгөн жаштарга берсек. Бир тай эмес — бир тагдыр чабылмак…
Жылкыны таптагандай жаш муунду билим менен таптасак.
Жалынан кармап эмес, оюнан жетелеп, башаламан чабышка эмес, билим марасына жеткенди үйрөтсөк… Жылкыга кам көргөндөй билимге суусуган балдарга кам көрсөк. Аттын туягын эмес, акылдын багытын ойлосок… Улактагы тай казандан, билимдеги баш казан артык!", - деп жазды акын.

Аламан улакта эреже барбы?

Аламан улак федерациясынан былтыртан тарта оюнду тартипке келтирүү аракетин көрүп жатканын билдиришти.

Жаңы жобого ылайык, буга чейин өлкөдө эреже бузган отузга жакын улакчы жаза алган.

Болот Дыйканбаев

“Акыркы убактарда аламан улакта узун аркандарды алып, ар кайсы жактан байлап тартышмай адат болуп калган. Же болбосо жөө адам улакты жерден көтөрүп бермей адатка айланган. Торпокту же текени колдун күчү менен эмес, тээктин (тростон жасалган каражат) жардамы менен көтөрүп калышкан. Эрежеге ылайык, той ээси өзү каалаган калысты койгонго болбойт. Калыстар эрежеге ылайык эреже бузгандарга кызыл жана сары карточкаларды көрсөтөт. Сары карточка — эскертүү, ал эми кызыл карточка бир айдан бир жылга чейин улак чабууга тыюу салат. Бүгүнкү күнгө чейин айыпка жыгылгандардын саны отуздан ашты. Улак тартыш оюнунда сөгүнгөн же мушташкандар оюндан четтейт. Оюнга аймактык милиция да көз салат. Талаптарга ылайык, чектелген аймактан сырткары ат чабууга болбойт", - деди федерациянын вице-президенти Болот Дыйканбаев.

Кыргызстанда буга чейин да мындай оюндарда адам өлүп, чыр чыккан учурлар катталган. Былтыр Жети-Өгүздө көк бөрү оюнунан чыккан чырда 34 жаштагы киши каза болгон.

Бишкекте көк бөрү боюнча Нооруз турниринде улакчы Мирлан Сражидинов каза тапкан.

Дагы караңыз "Үч баласы калды". Көк бөрүдөгү өлүм коопсуздук маселесин козгоду

2023-жылы Ошто Эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн көк бөрү мелдешинде да чыр чыккан. Анда жети адам жараат алып, бири ооруканага түшкөн, 65 киши сурак берип, тогуз киши камалган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өзгөн: Кырсык коштогон аламан улак