Алимбаев: Чек арадагы ок атышуу толук токтоду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев учурда кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу толугу менен токтогонун "Азаттыкка" билдирди. Буга чейин Мамлекеттик чек ара кызматы 12-апрелде Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу катталып, эки тараптан бирден чек арачы жараат алганын билдирген. Тажик чек арачылары Достук айылын миномёттон аткылаганы кабарланган. Тажикстан расмий комментарий бере элек.