Анкара саммити: Алиев барган жок, Жапаров орден алды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Анкарада Түрк мамлекеттер уюмунун лидерлери чогулуп, соода, транспорт, энергетика тармагындагы кызматташуу жана аймактык интеграция маселелерин талкуулашты. Бирок Түркиянын эң жакын өнөктөшү болгон Азербайжан президенти Илхам Алиевдин бул жыйынга барбай койгону көпчүлүктүн көңүл чордонуна чыкты.