Борбор Азия өлкөлөрү жасалма интеллект тармагындагы дүйнөлүк жарышка кошулууга ашыгып, бул багытта ири долбоорлорду ишке ашырууга батыл киришти.
NVIDIA жана америкалык Firebird инфраструктуралык компаниясы "Казахтелеком" менен өнөктөштүктө "Дата-борборлор өрөөнү" деген долбоордун үстүндө иштеп жатат.
Долбоор Борбор Азиядагы жасалма интеллект үчүн эң ири инфраструктуралык комплекс катары сыпатталууда.
Өзбекстан дагы "Санарип Өзбекстан - 2030" стратегиясынын алкагында ушундай эле максаттарды көздөйт. Өлкө дата-борборлорду курууга инвестиция салгандарга 2040-жылга чейин салык жана бажы жеңилдиктерин сунуштап жатат.
Тажикстан октябрь айында америкалык чип өндүрүүчү NVIDIA компаниясынын Global AI Nations программасынын колдоосу менен жасалма интеллект тармагында аймактык инновациялык борбор түзүү планын жарыялады.
Бирок Борбор Азия өлкөлөрүнүн жасалма интеллект тармагындагы дымагынан күмөн санагандар бир катар көйгөйлөрдү белгилешет.
Алардын арасында көмүрдөн өндүрүлгөн электр энергиясына таянуу жана коррупция терең тамыр жайган чөлкөмдө ачык коомдун жоктугу өңдүү бир катар маселелер бар. Анын үстүнө бул өлкөлөр азыр деле электр энергиясынын тартыштыгынан жабыркап келишет.
"Дата-борборлор өрөөнү"
"Дата-борборлор өрөөнү" долбоорунун демилгечилери белгилегендей, алгачкы инвестициянын көлөмү 10 миллиард долларды түзөт. Алардын айтымында, бул долбоор Казакстанды жасалма интеллект үчүн эсептөө кубаттуулуктарын экспорттогон ири өлкөгө айландырат.
Октябрь айында Астанага барганда NVIDIA компаниясынын ошол кездеги башкы директору Женсен Хуанг долбоордун биринчи этабында серверлер жана башка жабдуулар үчүн инфраструктуранын кубаттуулугу 1 гигаваттка (ГВт), ал эми узак мөөнөттүү келечекте 5 ГВтка чейин жетиши мүмкүн экенин белгилеген.
NVIDIA компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы башкы директору Женсен Хуанг 2026-жылдын 5-январында АКШнын Невада штатындагы Лас-Вегас шаарында жыл сайын өтүүчү CES 2026 керектөөчү электроника көргөзмөсүнүн алдында уюштурулган Nvidia Live иш-чарасында сөз сүйлөп жатат.
Хуанг Казакстандын жасалма интеллекттин дүйнөлүк рыногунда маанилүү оюнчуга айланышы үчүн эң ыңгайлуу шарттары бар экенин баса белгиледи.
"Дүйнөнүн калган бөлүгү жасалма интеллектке негизделген экономиканы кантип курууну эми гана ойлонуп жатканда, силер бул жерде, Казакстанда аны жүзөгө ашырып жатасыңар. Казакстандын негизги артыкчылыгы бар. Силерде жаратылыш ресурстары абдан көп жана энергетикалык запастар эбегейсиз. Келечекте энергия ресурстарын жөн гана экспорттоо ордуна, аларды интеллектуалдык өнүмгө айландырып, ошону экспорттой аласыңар", - деди ал.
Нью-Йоркто иштеген геомейкиндик жаатындагы талдоочу, Борбор Азиядагы суу ресурстарын башкарууга жана так дыйканчылыкка басым жасап, спутниктик маалыматтарды талдоо жана аралыктан зонддоо менен алектенген GeoBox компаниясынын башкы директору Марат Бексултанов "Дата-борборлор өрөөнү" долбоорунун каржылык жагынан күмөн санайт.
"Негизги көйгөй, долбоор негизинен Казакстандын өкмөтү тарабынан каржыланып жатат. Бул жерде жеке инвестициялар дээрлик жок же таптакыр жок. Андан тышкары, долбоорду каржылоо анын кызматтарын пайдаланууга даяр чыныгы кардарлар пайда боло электе эле башталган. Маселе мына ушунда: азыркы учурда дата-борбордун кардарлары ким болору тууралуу дээрлик эч кандай маалымат жок", - дейт Бексултанов.
Хуанг Казакстан өзүнүн энергетикалык ресурстарын эсептөө кубаттуулуктарына айландырып, аларды Европа рыногуна экспорттой аларын айткан.
Бирок "Дата-борборлор өрөөнү" долбоору көмүр менен иштеген Экибастуз ГРЭС-1 электр станциясынын жанында жайгашкан.
Бексултановдун айтымында, бул олуттуу тоскоолдук жаратышы мүмкүн.
"Европалык компаниялар эң акыркы кезекте "кир" энергияны сатып алууга кызыкдар. Алардын көбү пайдаланган кызматтарынын, анын ичинде булуттагы эсептөөлөрдүн көмүртек изи тууралуу отчет берүүгө милдеттүү. Экибастуздун көмүрү менен иштеген дата-борбор бул көрсөткүчтү көбөйтөт. Европа рыногуна кызмат сатуу үчүн долбоорго "таза" энергия керек. Бирок анда андай энергия жок", - деп белгилейт GeoBox компаниясынын башкы директору.
Дагы караңыз
Pax Silica же WAICO: Казакстан жасалма интеллект үчүн жарышта кимди жандайт?Казакстанда ири дата-борборлордун иштешин камсыз кылууга электр энергиясы жетиштүүбү деген суроо ачык бойдон калууда.
"Казакстан азыр деле өз муктаждыктарына жетиштүү электр энергиясын өндүрө албай жатат. 2025-жылы өлкөдө 123,1 миллиард киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлүп, 124,6 миллиард киловатт-саат керектелген. Жетишпеген электр энергиясы Орусиядан импорттоо аркылуу жабылган", - деп түшүндүрдү Бексултанов.
Казакстандын өкмөтү "Дата-борборлор өрөөнү" долбооруна 20 жыл бою электр энергиясын туруктуу төмөн тариф менен берүүнү убада кылган. Ошол эле учурда жергиликтүү ишканалар электр энергиясы үчүн жогору баа төлөшөт.
Долбоорду сындагандар мындай ири керектөөчүнүн пайда болушу Казакстандын энергетикалык системасына кошумча күч келтирип, өлкө боюнча электр энергиясынын жапырт өчүшүнө алып келиши мүмкүн экенин эскертишүүдө.
Мындан тышкары, долбоордун ачык-айкындуулугу боюнча да суроолор жаралууда.
Transparency International уюмунун 2025-жылдагы Коррупцияны кабылдоо индексинде Казакстан 182 өлкөнүн ичинен 96-орунду ээлеген.
"Чыгымдарды ким көтөрөрүн аныктаган документтер коомчулукка жеткиликтүү эмес. Алардын арасында электр энергиясын жеткирүү боюнча келишимдер, Firebird компаниясы менен ижара келишими, ошондой эле электр энергиясына арзандатуу кайсы булактардын эсебинен берилип жатканы тууралуу маалыматтар бар. Бул документтердин бири да жарыяланган эмес", - дейт Бексултанов.
"Жөн гана пиар кадамы"
Жасалма интеллект тармагын өнүктүрүүгө Казакстан гана аракет кылып жаткан жок.
Сауд Арабиясынын DataVolt компаниясы Өзбекстандын борбору Ташкентте суюктук менен муздатуу системасы бар, кубаттуулугу 12 мегаватт (МВт) объект куруп жатат.
Келечекте бул долбоорго болжол менен 3 миллиард доллар инвестиция салуу пландалууда. Натыйжада анын кубаттуулугу 500 МВтка чейин көбөйүшү мүмкүн.
Жасалма интеллект үчүн дата-борборлор кубаттуу муздатуу системаларына муктаж. Анткени жасалма интеллекттин иштешин камсыз кылган чиптер өтө көп жылуулук бөлүп чыгарат.
DataVolt компаниясы өзүнө тартууну көздөгөн технологиялык гиганттардын арасында Google, Microsoft, Meta жана Amazon компанияларын атаган.
Кыргызстан болсо Inspur, Huawei жана ZTE сыяктуу кытай компаниялары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
StarOcean Investment компаниясы жакында дата-борборлорду жана жасалма интеллект үчүн эсептөө кубаттуулуктарын жайгаштырууга багытталган, электр энергиясын көп талап кылган индустриалдык парк түзүү боюнча келишимге кол койду.
Аны Кыргызстандын борбордук бөлүгүндөгү "Нарын" эркин экономикалык аймагында, 200 гектар жерге жайгаштыруу пландалууда.
Интернет инфраструктурасы эскиргенине жана башкаруу системасы өтө авторитардык болгонуна карабастан, Түркмөнстан да жасалма интеллекттин өнүгүү толкунунан артта калбоого аракет кылууда.
Дагы караңыз
Кыргызстан жасалма интеллект боюнча дүйнөлүк уюмду негиздөөчүлөрдүн катарына кирдиЭнергетика министринин орун басары Сердар Сапаров жакында өлкө дата-борборлорду түзүү боюнча эл аралык компаниялар менен алдын ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.
Сингапурдун Bitdeer Technologies компаниялар тобу да Түркмөнстандын энергетикалык ресурстарын эсептөө кубаттуулуктарына, анын ичинде жасалма интеллект үчүн маалыматтарды иштетүү мүмкүнчүлүктөрүнө айландыруу сунушун киргизген.
Өлкөнүн энергетикалык долбоорлору менен тааныш, коопсуздугу үчүн атын атабоону суранган Түркмөнстандын мурдагы өкмөт кызматкери "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматына курган маегинде Ашхабаддын дата-борборлорду түзүү тууралуу билдирүүлөрүн "жөн гана пиар кадамы" деп мүнөздөдү.
Анын айтымында, мындай билдирүүлөргө жарым-жартылай аймактагы атаандаштык да түрткү болууда.
"Эгер коңшу өлкөлөрдө бир нерсе болсо, биз да артта калбашыбыз керек. Мунун баары сөз жүзүндө эле калып кетсе да", - деди мурдагы чиновник.
Ал ошондой эле Түркмөнстанда мындай объекттердин иштешин камсыз кыла ала турган инфраструктура бар экенинен күмөн санайт.
"Жылдын көпчүлүк мезгилинде абанын температурасы жогору болгондуктан, муздатуу зарылдыгы эксплуатациялык чыгымдарды кыйла көбөйтөт", - дейт ал.
Мурдагы чиновник сууну үнөмдөөчү технологиялар бар экенин, бирок аларды колдонуу дата-борборлорду иштетүүнү ого бетер кымбаттатарын кошумчалады.
Ал Түркмөнстандын эскилиги жеткен электр тармактары "эбегейсиз инвестицияларга" муктаж экенин да эскертти.
Буга мисал катары жакында бүтүндөй аймакты камтыган электр энергиясынын масштабдуу өчүрүлүшүн келтирди.
Дагы караңыз
АКШ-Кытай: Жасалма интеллект өзөктүк куралды башкарып калса эмне болот?Сууну керектөө көйгөйү
АКШда жана Европада дата-борборлорго карата коомчулуктун нааразылыгы күчөп, аларга коюлган ченемдик талаптар барган сайын катаалдашууда.
Буга электр энергиясына кеткен чыгымдардын көбөйүшү, электр тармактарына күч келиши жана суунун көп өлчөмдө керектелиши себеп болууда.
Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын (ЕЭК БУУ) жакында жарыяланган аналитикалык баяндамасында Борбор Азия да ушундай жагдайга дуушар болушу мүмкүн экени эскертилет.
Суу ресурстары ансыз деле тартыш бул аймакта дата-борборлор өтө көп өлчөмдө электр энергиясын жана сууну керектейт.
Мындай суроо-талап үй чарбаларына, айыл чарбасына жана энергетика тармагына зарыл суу ресурстарына кошумча күч келтириши мүмкүн.
Мындан тышкары, Борбор Азия өлкөлөрүндө дата-борборлордун операторлорун канча суу керектегени тууралуу отчет берүүгө милдеттендирген комплекстүү талаптар жок.
БУУнун Европа экономикалык комиссиясы өкмөттөргө дата-борборлордун операторлорун суу керектөө тууралуу маалыматтарды ачык жарыялоого милдеттендирүүнү сунуштайт.
Дата-борборлор курула турган жерлерди бекитүүдө ошол аймактагы суу тартыштыгын эске алуу жана суу ресурстарын минималдуу пайдаланган кайра жаралуучу энергия булактарына, мисалы, күн жана шамал энергетикасына артыкчылык берүү сунушталууда.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун жазуу жүзүндөгү суроосуна берген жообунда БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү мүчө мамлекеттердин саясий чечимдерине "комментарий бере албай турганын" билдиришти.
Ошол эле учурда алар Борбор Азиядагы бир катар өлкөлөр суу ресурстары жаатындагы кызматташтыкка, коомчулуктун катышуусуна, айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди баалоого жана өнөр жай кырсыктарын алдын алууга байланышкан ЕЭК БУУнун конвенцияларына катышарын белгилешти.
Уюмдун өкүлдөрүнүн айтымында, бул документтердин жоболору "мындай долбоорлордун айрымдары ишке ашырылган учурда аларга да колдонулушу мүмкүн".
Марат Бексултанов Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү миллиарддаган доллар инвестиция салаардан мурда узак мөөнөттүү чыгымдарды туура баалап жатышабы деген негизги суроону коет.
"Борбор Азиянын "санарип Жибек Жолуна" айланууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Бирок амбициялар менен реалдуу мүмкүнчүлүктөрдүн ортосунда акылга сыярлык тең салмактуулук болушу керек. Азыр мамлекеттик каражаттар жеке сектор тарабынан эч кандай кепилдик берилбестен сарпталууда. Чынында бул эски эле ыкма. "Адегенде куруп коёлу, анан бирөө келип пайдаланар". Бирок эч ким келбесечи? Анда эмне болот?", - деди Бексултанов.