Тышкы саясат: мураска калган таарынычтар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда президент алмашып, жаңысы ишке киришүүдө. Алты жыл ичинде тышкы саясатта Алмазбек Атамбаев эмнелерге жетишти, өксүктөр кайсылар болду? Жаңы президент Сооронбай Жээнбековду тышкы саясатта чечилбеген кандай маселелер же чакырыктар күтүп турат? Айталы, Казакстан менен мамилени тез арада мурдагы калыбына сала алабы? Ушул жана башка суроолорго жооп издедик.