Теңизбаев: Жакырчылык капчыктуу партияларга олжо болду (аудио)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Айрым байкоочулар 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо добуш сатып алуу, админ.ресурс колдонуу менен өткөнүн айтып жатышат. 2020-жылы октябрда шайлоо жыйынтыгына нааразы болуп чыккандардын натыйжасы менен келген бийлик таза шайлоо өткөрүүгө кудурети жетеби? Ушул жана башка шайлоого байланыштуу суроолорду эксперт Айбек Теңизбаев талдап берди. Аны менен Токтосун Шамбетов маектешти.