"Азаттыктын" президенти Лиза Көртис Астанада жана Бишкекте бир катар жолугушууларды өткөрдү

Лиза Көртис "Азаттыктын" Бишкек кеңсесинде. 2026-жылдын 19-ноябры.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Лиза Көртис ушул аптада Казакстанда жана Кыргызстанда болуп, уюмдун Астанадагы жана Бишкектеги бюролорунун кызматкерлери, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, журналисттер, ошондой эле АКШнын элчилигинин жана башка дипломатиялык миссиялардын кызматкерлери менен жолугушту.

Астанада Көртис АКШнын Казакстандагы элчиси Жули М. Стаффт менен жолугуп, өлкөдөгү сөз эркиндигинин маанисин, маалыматка жеткиликтүүлүктү жана «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун казак кызматынын ишин талкуулады. Казакстандын жогорку кызматтагы өкүлдөрү менен жолугушууда аталган медианын өлкөдөгү ролу тууралуу пикир алышты.

Бишкек сапары алкагында Көртис радионун бюросунда Кыргызстандын эркин жана мамлекеттик ЖМКларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда "тегерек үстөл" талкуусун уюштурду. Ага МедиаХаб, Улуттук телерадиоберүү корпорациясы, ПолитКлиника жана «Кыргыз Туусу» гезитинин өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө журналистиканын коомдук кызыкчылыкка кызмат кылуудагы ролу, кесиптик стандарттар, аудитория менен байланыш жана жоопкерчиликтүү журналистика аркылуу маалымат алуучу коомду калыптандыруунун мааниси талкууланды.

Сапар тууралуу комментарий берип жатып Лиза Көртис:

«Астанада да, Бишкекте да бир эле ой айтылды: адамдар ишенимдүү маалыматка муктаж. Аудиториялар чет элдик пропагандага, жалган маалыматтарга жана тездик менен өзгөрүп жаткан технологияларга толгон, барган сайын татаалдашып жаткан маалыматтык чөйрөдө багыт табууга аракет кылууда. 70 жылдан ашуун убакыттан бери аймактагы биздин кызматтар жергиликтүү тажрыйбага жана ишенимдүү журналистикага таянып, аудиторияга чыныгы маанилүү маалыматты айырмалай билүүсүнө жардам берип келет».

Эки кызмат тең аудиториясын, айрыкча жаштарды, инновациялык санарип форматтар жана кыска видеолор аркылуу кеңейтүүнү улантууда. Жыл башынан бери алардын материалдары Instagram платформасында 544 миллиондон ашык көрүүнү топтоду. Салыштырып айтсак, 2025-жылы бул көрсөткүч 479,2 миллион көрүүгө жеткен.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосу (RFE/RL) АКШ Конгресси каржылаган көз карандысыз маалымат уюму. Анын материалдары санарип платформалар, телекөрсөтүү жана радио аркылуу жума сайын 18 өлкөдөгү 44 миллиондон ашуун адамга жетет жана 24 тилде даярдалат.

Дагы караңыз

"Шарты начар, карашпайт". Сахароводо эки жүздөй кыргызстандык камалып отурат Акыйкатчы “Сахарового” бардыБУУ соту рохинжалар боюнча чечимин жарыяладыПутин менен Рахмондун бир аптада экинчи жолу жолугушуусу эмнени билдирет?