Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык соту Мьянма өлкөсүн рохинжа мусулмандарынын өлүмү үчүн жооптуу деп тапты. Сот Мьянмадан жабыркагандарга кун төлөп, качкындардын коопсуз кайтышына шарт түзүүнү жана кылмышка шектүүлөрдү жоопко тартууну талап кылды. Бангладеште баш калкалаган рохинжалар бул чечимди көптөн бери күткөн. 2017-жылдын август айында Мьянманын Ракхайн штатында миңдеген рохинжа мусулмандары коопсуздук күчтөрүнүн операциялары маалында каза таап, 700 миңден ашууну коңшу Бангладешке качууга аргасыз болгон. Ал эми Мьянманын өкмөтү өз кезегинде сот өкүмүн «адилетсиз» деп атады.
БУУ соту рохинжалар боюнча чечимин жарыялады
Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык соту Мьянма өлкөсүн рохинжа мусулмандарынын өлүмү үчүн жооптуу деп тапты. Сот Мьянманы жабыркагандарга кун төлөп, качкындардын коопсуз кайтышына шарт түзүүгө жана кылмышка шектүүлөрдү жоопко тартууга милдеттендирди.
Шерине