Азербайжанда нааразылык күчөдү

Бакуда бийиктиги 190 метрге жеткен Жалын Мунарасы

Бакуда саркеч кийимдер сатылган дүкөндүн алдын шыпырган аял 

Президент Илхам Алиев жубайы Мехрибан Алиева менен түшкөн расмий сүрөт
 

Бакунун борбордук базарында нан саткан улгайган аял. Шаарда мунаралар менен стадиондор салынса дагы карапайым адамдардын жашоосу өзгөргөн деле жок. 

 

Бакуда Биринчи Европалык оюндар өтүп жаткан маалда эс алып отурган бийчилер.   



 

Бакуда бузулган үйлөрдү аралап жүргөн киши. Эки миллион калк жашаган шаарда жаңы микрорайондор курулду. 

Бакудагы Кристал-Холл. Айнектен салынган арена 2012-жылы Евровидение ыр сынагын өткөрүү үчүн курулган. 
 

Бакунун сыртындагы качкындар лагерин башпаанектеген балдар. 
 

Президент Алиевдин кызы Лейла Алиева (солдо) жана Мехрибан Алиева (оңдо) Бакудагы жан дүйнөнүн бейкуттугуна арналган көргөзмөдө.

Шаардын борборундагы Гейдар Алиев борбору. Комплекс Азербайжандын мурдагы прзиденти, Илхам Алиевдин атасынын урматына салынган. Алиевдер Азербайжанды 1969-жылдан бери башкарышат. 

Бакунун борбордук базарында сатыкка коюлган тооктор. Кара майдын баасы түшүп, манат арзандагандан кийин өкмөт 14 акча алмаштыруучу жайды жапты. 
 

Бакунун Олимпиада стадионунда 2015-жылкы Европалык оюндардын ачылыш аземи маалындагы салют. 

Бакунун Нафталан ден соолук борборунда чийки нефть менен дарылоо процедурасы. Эгемендикке ээ болгондон кийин кара майга бай Азербайжан экономикасын диверсификациялаган эмес, андыктан азыр күтүлбөгөн кыйынчылыктарга кабылууда. 

Бакунун сыртында нефть чыккан жердеги жумушчу. Экономикалык кризиске карабай президент Алиев карапайым элге "жигердүү иштөөнү" тапшырган. Бирок жер-жерлерде нааразы болгондордун катары калыңдоодо. 

Бакуда полиция оппозициялык активистти кармап баратат, 2011. Полиция буга чейин өз көз карашы барларды күчкө салып кармап, үнүн басса, учурда жер-жерлерде чыккан нааразылыктар бир топ опурталдуу кырдаалды жаратууда.