Азия чемпионаты: Мээрим менен Айперинин алтыны

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатында Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова алтын байгеге ээ болду. Сезим Жуманазарова менен Арууке Кадырбек кызы коло медал тагынды. Чемпионат “Бишкек-Арена” музмайданында 26-июнга чейин уланат. Бүгүн, 25-июнда кыз-келиндер күрөшүнөн беш салмакта, эркин күрөштөн үч салмакта таймаштар өтүп жатат.