Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

Кыргызстандык эки балбан жаштар арасында Азия чемпиону болду


17 жана 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионатына катышкан өлкөлөрдүн желеги. 19-июнь, 2022-ж. "Бишкек-Арена" муз майданы.
17 жана 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионатына катышкан өлкөлөрдүн желеги. 19-июнь, 2022-ж. "Бишкек-Арена" муз майданы.

Кыргызстандык балбандар Таирбек Жумашбек уулу жана Мухаммад Абдуллаев 26-июнда Бишкекте жыйынтыкталган күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында алтын медал утту.

Эркин күрөштөн 61 килограмм салмакта финалда Жумашбек уулу казакстандык Ассылжан Есенгелдини 8:6 эсебинде утту. Финалга чейин Жумашбек уулу монголиялык, түркмөнстандык жана бахрейндик балбандарды жеңген. Күрөштүн бул түрүнөн 79 килограмм салмакта Мухаммад Абдуллаев алтын байге үчүн беттеште индиялык Балян Гоуравды 17:7 эсебинде утту.

Бул күнү эркин күрөштөн жети салмакта байгелер ойнотулду. 86 килограмм салмакта Нуртилек Карыпбаев күмүш байге алды. Коло байгелерди 65 килограмм салмакта Икромжон Хажимуродов, 74 килограмм салмакта Алинур Такиров алды.

Мындан бир күн мурда 25-июнда эркин күрөштөн үч салмакта таймаштар өтүп, 70 килограмм салмакта Орозобек Токтомамбетов алтын, 57 килограмм салмакта Бекзат Алмаз уулу күмүш, 97 килограмм салмакта Каныбек Абдулхаиров коло байге алды. Жалпы командалык эсепте Кыргызстандын эркин күрөш боюнча жаштар курама командасы 10 салмактын ичинен үч алтын, эки күмүш жана үч коло байге алып, командалык эсепте тогуз өлкөнүн арасынан 2-орунду ээледи. 1-орунду Казакстан, 3-орунду Индия алды.

Буга чейин грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү боюнча таймаштар жыйынтыкталып, Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча жаштар курама командасы (U-23) үч алтын, алты күмүш байге алып командалык эсепте 1-орунду алган.

Кыз-келиндер курама командасы эки алтын, үч күмүш жана үч коло байге менен командалык эсепте 2-орунду алды.

Күрөш боюнча 17 жана 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионаты 19-июнда башталган. Уландар жана кыздар арасындагы таймаштарда (U-17) Кыргызстандын балбандары алты алтын, бир күмүш жана тогуз коло байге алышты.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча уландар курамасы (U-17) төрт алтын, бир күмүш, эки коло байге алып, командалык эсепте 1-орунду ээледи. Кыздардын эркин күрөш курама командасы бир алтын, үч коло байге алып сегиз өлкөнүн арасынан 4-катарга жайгашты. Эркин күрөш боюнча команданын эсебине бир алтын, бир коло байге жазылды. Мелдештер “Бишкек-Арена” муз майданында өттү. Чемпионатка 11 өлкөдөн 600гө чукул спортчу келди. (ECh)

Азия чемпионаты: Мээрим менен Айперинин алтыны
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:31 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG