Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:38

Балбандар Темирбеков менен Жанышов Азия чемпиону болушту


Күрөш боюнча 17 жана 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынын ачылыш аземи, Бишкек. 19-июнь, 2022-ж. "Бишкек-Арена".
Күрөш боюнча 17 жана 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынын ачылыш аземи, Бишкек. 19-июнь, 2022-ж. "Бишкек-Арена".

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында 20-июнда кыргызстандык балбандар эки алтын, эки коло байгеге ээ болушту.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, 20-июнда грек-рим күрөшү жана кыздардын эркин күрөшүнөн сегиз салмакта байгелер ойнотулду.

Грек-рим күрөшүнөн Кутман Темирбеков (65 кг) менен Асан Жанышов (80 кг) алтын байге алып, Азия чемпиону болушту. Темирбеков финалда тажикстандык Сунат Абдуллоевди жеңди 7:1). Финалга чейин индиялык Нишант Нишантты (8:0), чейрек финалда казакстандык Сергазы Абдыкадырды (6:3), жарым финалда өзбекстандык Акобир Унгоровду (7:5) жеңген.

Ал эми Асан Жанышов 80 килограмм салмакта финалда ирандык Сейед Реза Хамид Азаршабды 6:5 эсебинде утту. Финалга чейин Жанышов түштүк кореялык Джёнхан Джин (9:0) жана индиялык Мохит Хохарды (10:7) жеңип алган.

Күрөштүн бул түрүнөн 71 килограмм салмакта Жоомарт Аралов жана кыздардын эркин күрөшүнөн Жаркынай Нурлан кызы (61 кг) коло байгенин ээси болушту.

Буга чейин 19-июнда мелдештин биринчи күнүндө кыргызстандык балбандар эки алтын, бир күмүш жана бир коло байгеге ээ болушкан.

Грек-рим күрөшү боюнча таймаштардын жыйынтыгында Кыргызстандын улуттук курама командасы төрт алтын, бир күмүш жана эки коло байге менен командалык эсепте 1-орунду ээледи (182 упай). 2-орунда эки алтын, төрт күмүш, эки коло байге алган Иран (174 упай), 3-орунда эки алтын, бир күмүш жана алты коло байге менен Казакстан (170 упай) жайгашты.

17 жана 23 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты "Бишкек-Арена" муз майданында 19-июнда башталган. Таймаштар 26-июнга чейин созулат. 23 жашка чейинки балбандардын таймашы 22-июнда башталат. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG