"Апрелчилерге" ажырым салган билдирүү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбагына 25-ноябрда 2010-жылы Апрель окуясынан кийин түзүлгөн сегиз уюмдун өкүлдөрү акция өткөрүштү. Алар “Айкөл Таза коом” коомдук уюмунун “Бакиев Кыргызстанга келип, кун төлөп берсин” деген билдирүүсүнө каршы экенин айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты.