"Балдар дүйнө кыдырса дейм". Элетте англис тилин үйрөткөн Жазгүл

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баткендин Сүлүктү шаарына жакын Кош-Булак айылында жашаган мугалим Жазгүл Ахматкулова өз үйүндө англис тил үйрөткөн чакан борбор ачты. Мындай сунушту ага элеттик ата-энелер берген. Эл аралык уюмдун колдоосу менен зарыл жабдууларды алып, ушул тапта 20дай окуучуга тил үйрөтүүдө.