Баткендеги театр ишмерлеринин изги тилеги

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баткендеги Апаз Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынын ачылганына 15 жыл болду. Мындан 40 жыл мурда айылдык маданият үйү үчүн курулуп, кийин театрга берилген имарат өткөн жылы гана толук ремонттолгон. Театр өнөрпоздору элдин искусствого болгон кызыгуусу акырындап ойгонот деген ишеним менен иштеп келишет.