"Батышка Борбор Азиянын адабиятын таанытабыз"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Франциялык эки изилдөөчү – Ноэми Кадо жана Софи Имрен Кыргызстандын адабият, маданият, сүрөт өнөрүнө кызыгып, Бишкектеги музей, архивдерге барып изилдөө жүргүзүп, быйыл 80 жылдыгы белгиленген Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин чыгармачылыгы менен жакындан таанышып жүргөн экен.

Софи Имрендин илимий иши - 34 жыл гана жашаган белгилүү сүрөтчү-графист Белек Кошоевдин эмгектерин анализдейт. Эки француз изилдөөчүсүн кыргыз адабияты, маданиятындагы байкоолору тууралуу кепке тарттык.