Баянгали Алимжанов: "Манас" казак эли үчүн да бийик

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Казакстандагы жалгыз манасчы, Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген кайраткери Баянгали Алимжанов Казакстандын маданият күндөрүнүн алкагында Кыргызстанга келди. Ушул тапта Бишкек шаарында Алимжановдун казак тилине которгон «Манас, Семетей, Сейтек» эпосу китебинин бет ачары өтүүдө. Жогорудагы китеби үчүн Кыргыз Республикасынын «Достук» ордени менен сыйланган манасчы «Азаттыкка» сыябан-маек курду.