Бектур Асанов: президенттик шайлоого талапкерлигимди коём
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Саясатчы, Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалып, кийин соттон акталган Бектур Асанов Кыргызстанда 2027-жылы январда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коёрун билдирди. Ал “Азаттыктагы” маегинде сөз эркиндиги, 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин келген бийликтин иши тууралуу суроолорго жооп берди.