Беларуста митингчилер жапырт кармалды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Беларуста жекшембиде миңдеген киши бийликтин ок атуу эскертүүсүнө карабай кайрадан Александр Лукашенконун автократтык режимине каршы тынч митингге чыгышты. Минск жана башка шаарларда митингчилер жапырт кармалганы кабарланды. Атайын күчтөр, Ички иштер министрлигинин аскерлери жана милиция акцияга чейин эле башкалаанын борборуна жайгаштырылган. Нааразылык акциялары Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоону өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Лукашенко жеңгени жарыялангандан бери уланып келатат.

Беларуста жекшембиде миңдеген киши бийликтин ок атуу эскертүүсүнө карабай кайрадан Александр Лукашенконун автократтык режимине каршы тынч митингге чыгышты. Минск жана башка шаарларда митингчилер жапырт кармалганы кабарланды. Атайын күчтөр, Ички иштер министрлигинин аскерлери жана милиция акцияга чейин эле башкалаанын борборуна жайгаштырылган.

Нааразылык акциялары Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоону өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Лукашенко жеңгени жарыялангандан бери уланып келатат.