«Азаттыктын» 2020-жылдагы мыкты сүрөттөрү

Арагац тоосунда 3200 метр бийиктикте жайгашкан космостук нурларды изилдеген бекет. Армения.

Дүйнөнү каптаган оору, карантиндеги жашоо жана Беларустагы миңдеген киши катышкан нааразылык чаралары... Мунун баары “Эркин Европа/Азаттык Үналгысынын" сүрөтчүлөрүнүн кадрларында сакталган окуялар. Эмесе, 2020-жылдагы мыкты сүрөттөр менен таанышыңыздар. 

Евразиядагы 23 өлкөгө 27 тилде берүүлөр уюштурган жана интернет аркылуу мультимедиялык маалыматтарды жайылткан “Эркин Европа/Азаттык Үналгысы" (ЭЕ/АҮ) медиа корпорациясы ар кыл өлкөлөрдө чыгармачыл иштеген журналисттеринин тарткан сүрөттөрү аркылуу жер-жерлердеги окуяларды жана турмуш жагдайларын таасын чагылдырып келет.

2020-жыл да алар үчүн мыкты сүрөт тартуу жаатында түшүмдүү болду.

Эмесе, алардын мультимедия кампасынын ичинен иргелип алган татынакай жана көп маани камтыган фотосүрөттөр менен таанышыңыздар.

Тбилисинин Ыйык Үчилтик чиркөөсүндөгү чокундуруу майрамынын урматына өткөрүлгөн жөрөлгөдөгү кыз. 19-январь, 2020-ж. (Мзия Саганелидзе).

"Эл аралык Украина авиалиниясы" компаниясынын кызматкерлери PS752 каттамынын курмандыктары менен коштошуу зыйнатында бирин-бири сооротуп жатышат. (Учак 8-январда Тегерандан абага көтөрүлгөн соң атып түшүрүлгөн. Иран ракетаны жаңылып атып алганын моюнга алган. Кырсыкта 197 жүргүнчү жана экипаждын тогуз мүчөсү мерт болгон). Киев ш. 19-январь, 2020-ж. (Сергей Нужненко).

Хайра Катич 1995-жылы Сребреницада болгон геноцид учурунда өлтүрүлгөн күйөөсүнүн жана баласынын документтерин көрсөтүп жаткан учуру. Босния менен Герцеговина, 20-январь, 2020-ж. (Мидхат Потурович).

Ооганстандын Газни вилайетинде кулаган америкалык E-11A бомбалоочу учагынын калдыктары. 27-январь, 2020-ж. Кырсыктан эки учкуч набыт болгон (Хабиб Тасир).

Киевде өткөн Украина мода жумалыгына катышып жаткан сулуу кыздар. 3-февраль, 2020-ж. (Ирина Громотская).

26-февралда Украинанын президенттик кеңсесинин жанында нааразычылык иретинде бир жаран өзүн-өзү өрттөп салган соң полиция кызматкерлери ал жерди курчап турат. Киев ш. 26-февраль, 2020-ж. (Ирина Громотская).

8-мартта Бишкекте «Аялдардын шериктештик жүрүшү» нааразылык чарасына катышкан кыздардын бирин милиция кызматкерлери кармап кетип жаткан учур. (Бул чара башталар алдында белгисиз кишилер келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Милиция аларга кийлигишпестен, тескерисинче 70тей тынч демонстрант айымды жана айрым журналисттерди кармап, шаардын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирген). Бишкек ш. 8-март, 2020-ж. (Гүлжан Турдубаева).

Киевдеги көп кабаттуу үйлөрдүн терезелеринин коронавируска каршы карантин учурундагы көрүнүшү. 25-март, 2020-ж. (Сергей Нужненко).

Грузин аскерлери коронавируска каршы карантин учурунда Тбилисиге кире турган унааларды текшерүүдө. 31-март, 2020-ж. (Мзия Саганелидзе).

Украинанын Житомир аймагындагы Магдин айылынын тургундары малы менен коңшу айылга көчүп бара жаткан учур. Алардын үйлөрү Чернобылдагы тыюу салынган аймактан жайылган өрттөн улам күйүп кеткен. 18-апрель, 2020-ж. (Макс Левин).

Бакунун көчөлөрүн коронавируска каршы дезинфекция кылып жаткан жумушчулар. Азербайжан. 18-апрель, 2020-ж. (Azadliq Radiosu).

Сараево шаарындагы Муслихудин Чекрекчия мечитинин ичинде жайнамазын даярдап жаткан киши. Босния жана Герцеговина. 6-май, 2020-ж. (Ясмин Брутус).

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына уюшулган аскердик парад Беларус борбору Минск шаарынын көчөлөрүнөн өтүп жаткан учур. Бул ири иш-чара COVID-19 пандемиясына карабастан өткөрүлгөн. 9-май, 2020-ж. (Влад Гридин).

Балдар крым татарларынын желегин 1944-жылы крым татарларынын Борбордук Азия менен Сибирге зомбулук менен депортацияланышынын кайгылуу учурун эскерүү күнүндө бийик көтөрүп желбиретишти. Киев шаары, Украина. 18-май, 2020-ж. (Сергей Нужненко). 1944-жылдагы бул алааматтуу сталиндик депортацияны эгемен Украина бийлиги геноцид катары тааныды.

Казак полициясы Көз карандысыздык аянтынын жанында демократиячыл реформаны талап кылып нааразылык чарага чыккан демонстранттарды кармап кетүүдө. Нур-Султан шаары. 6-июнь, 2020-ж. (Петр Троценко).

Коронавируска байланыштуу чектөөлөргө каршы нааразылык жыйыны маалында. Белград, Сербия. 8-июль, 2020-ж. (Весна Андич).

Демонстранттар Минск шаарында нааразылык чарасын уюштургандарга Беларустун коопсуздук күчтөрү кол салганда жаракат алган шеригин коопсуз жайга алып чыгууда. 20-август, 2020-ж. (Влад Грыдзин).

Балдардын рак оорусу жаатында калайыкты маалымдоо үчүн уюштурулган "Алтын сентябрь" өнөктүгү маалында. Мостардагы тарыхый көпүрө. Босния-Герцеговина. 1-сентябрь, 2020-ж. (Мирсад Бехрам).

Айрымдар "Үмүт ыңкылабы" деп атаган элдик толкундоолор маалындагы "Ала-Тоо" аянты. Бишкек. 5-октябрь, 2020-ж. (Улан Асаналиев).

Ачкачылыктан арыган оогандар дарыгердин кеңсесинде кезекте турат. Урузган вилайети, Ооганстан. 8-октябрь, 2020-ж. (Мухаммад Шариф Шарафат).

Хабаровск шаарында нааразылык жыйынга чыккан демонстранттар менен орусиялык коопсуздук күчтөрү кагылышууда. 10-октябрь, 2020-ж. (Ольга Цикарёва).

Генже шаарындагы бул турак үй армяндар аткан ракетадан улам ойрон болду. Азербайжан. 11-октябрь, 2020-ж. (Azadliq Radiosu). 27-сентябрда башталган алты апталык согуш эки тарапка тең оор мүшкүл алып келди.

Донбасстагы украин жоокери. Горливка, Торецк. 12-октябрь, 2020-ж. (Мариан Кушнер).

Еревандын жанындагы көрнөктөрдө Тоолуу Карабакта согушта набыт болгон армян жоокерлеринин ысымдары жазылган. (Amos Chapple).

82 жашында коронавирустун айынан каза болгон митрополит Амфилогийди акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү. Подгорица, Черногория. 1-ноябрь, 2020-ж. (Savo Prelevic).

Ойрондолгон Агдам шаары, Азербайжан. 24-ноябрь, 2020-ж. (Azadliq Radiosu).

Казак бүркүтчүсү. Алматы облусу. 5-декабрь, 2020-ж. (Петр Троценко).