Прагада премьерге каршы ири митинг өттү
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Чехиянын баш калаасы Прагада жүз миңдеген адамдар премьер-министр Андрей Бабиштин кызматтан кетишин талап кылышты. Уюштуруучулар Летна паркындагы акцияга 250 миң киши катышканын билдирүүдө. Бул митинг өлкөдө 1989-жылы коммунисттик бийлик кулагандан берки эң ири каршылык акциясы катары мүнөздөлүүдө. Мындай нааразылыкка Андрей Бабишке тагылып жаткан коррупция боюнча айыптар себеп болду. 64 жаштагы Бабиш өзүнүн күнөөсү жок экенин билдирип келет.