Билим берүү: Кыргызстанга кандай система керек?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

5-октябрда Кыргызстанда мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди. Президент Жапаров мугалимдер заман талап кылган технологиялык жетишкендиктерден ар дайым кабардар болуп, өзүн-өзү өстүрүп турушу керектигин айтты. Билим берүү жана илим министри алмашып, кызматка Догдуркүл Кендирбаева дайындалды.

Быйыл Кыргызстанда “Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзам кабыл алынды. Ал билим берүү тармагында эмнени өзгөртөт? “Жаңы ой чабыт” программасында ушул маселе тууралуу баарлаштык. Талкууга “Компас” колледжинин директорунун орун басары Айымжан Алмазбекова, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Нурзида Касымова, “Билим берүү жөнүндө” мыйзамды жазууга катышкандардын бири Булутбек Имаров жана Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Мелисбек Музулманов катышты.