Билим күнү: 150 миң окуучу биринчи класска барды

Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталып, 150 миңдей бала 1-класска барды.  

Республика боюнча 2350дөн ашуун мектеп бар, аларда болжол менен 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат.

Жаңы окуу жылынын алгачкы күнү Кыргызстандын мектептеринде окуучуларга билим, мекен, достук, үй-бүлө, кесип тандоо темалары менен катар санариптештирүү тууралуу сабактар өткөрүлдү.

Өлкөдөгү 2350дөн ашуун мектепте 74 миңге жакын мугалим бар. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев 30-августа алыскы аймактарда 300дөй мугалим жетишпей турганын билдирген. 

Бюджеттен каржыланган жалпы билим берүү тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы 2022-жылдын 1-апрелинен тартып 50-80% чейин көбөйтүлгөн. Өткөн жылы кыргыз өкмөтү мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көбөйтүү максатында бюджеттен 26 млрд. сом кошумча бөлгөн. Анын 16 млрд сому билим берүү тармагына кеткен

Жакында өлкөдө “Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзам иштей баштады. Анда менчик бала бакча ачуунун жол-жобосу жеңилдетүү, мектептерди текшерүү жана мугалимдердин кагаз толтурмай түйшүгүн азайтуу, ваучер системасы киргизүү, мектептеги аккредитацияны жоюп, бюджеттик акча баланын санына жараша бөлүү жана ошол аркылуу сапатты жогорулатууга жол берген артыкчылыктар бар экени айтылды.  

Өлкөдөгү ири шаарларда, айрыкча Бишкек менен Ошто мектептер жетишсиз. Айрым мектептерде балдар бир партага үчтөн отуруп окуганга туура келүүдө.

Бишкектеги №25 орто мектебиндеги билим майрамы.
Баш калаа Бишкекте 150дөн ашык муниципалдык мектеп бар. 

Кыргызстандагы 2333 мектепте 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. Башкача айтканда, өлкөдөгү дээрлик ар бир төртүнчү тургун мектеп окуучусу. 

1-сентябрга карата Кыргызстанда жаңы курулган 42 мектеп, төрт спорт зал колдонууга берилди.

Кыргызстанда 246 мектеп авариялык абалда турганын быйыл 26-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутаттарга маалымат берип жатып, өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов билдирген.

Күзгү эс алууда окуучулар 6-13-ноябрда болушат, кышкы каникул 1-14-январь күндөргө туура келет, ал эми жазгы каникул 21-31-мартта болот. Биринчи класстын окуучулары үчүн жазгы каникул бир жумага узартылат.

Өлкөдө мектеп жашындагы балдардын 6% жакыны саламаттыгына жана турмуштук абалына байланыштуу окубайт. Адистердин белгилөөсүндө, алардын көпчүлүгү эмгек мигранттарынын балдары.