Бионикалык кол фантастика эмес

Профессор Сильвестро Мичера.

Адатта кинодо көрүп жүргөн бионикалык жасалма колдор эми күнүмдүк турмушта пайда болду.
Акыркы илимий ачылыштардын жана технологиялык өнүгүүнүн жардамы менен колу же буту ампутацияланган адамдар үчүн бионикалык протездер жөн эле жасалма мүчө эмес, эми алар кадимкидей туюп-сезе турган "органга" ээ болушат.

Даниялык 36 жаштагы Деннис Обо Сөренсен он жыл мурун фейерверк атып жатып, сол колунан ажыраган. Бионикалык технологиянын жардамы менен ал жасалма колдуу болуп, анын жардамы менен топту кармап көрүп, тоголок жана катуу экенин сезди.

Даниянын ири шаары Ольборгдун тургуну дүйнөдө эң биринчи болуп бионикалык протездин алгачкы үлгүсүн иштеп чыккан илимий тажрыйбага катышкан.

Бионикалык жасалма колдун жардамы менен Деннис колуна тийген буюмду көзүн жуумп туруп эле тааныган. Эксперименталдык протез Сөренсенге туюп-сезүүгө мүмкүнчүлүк берген.

Профессор Мичера жана Деннис Обо Сөренсен.

​- Мен ушунчалык тан бердим. Он жылдан бери колум туюп-сезүүдөн калган. Жасалма колдуу болгондо бейсболдун тобун карматышты. Мен анын тоголок жана катуу экенин дароо сездим. Ошондогу абалымды сөз менен жеткирүү кыйын, – деди Сөренсен.

Сол колунан ажырагандан кийин Сөренсен кеңири тараган жөнөкөй жасалма кол менен жүргөн. Андай протездер колго уланганы менен булчуңдардын кыймыл-аракетин сезбейт, манжаларды механикалык түрдө кыймылдатып, буюмдарды колго кармоого гана жарамдуу.

Бир жыл мурда үч уулдун атасы Сөренсен илимий экспериментке катышуу үчүн Римге жөнөп кеткен. Италиянын баш калаасында хирургдар жана неврологдордун тобу бир ай бою жаңы бионикалык жасалма колдун алгачкы үлгүсүн иштеп чыгуу максатында Сөренсенге клиникалык тажрыйбаларды өткөргөн. Бул эксперименттин жыйынтыгы тууралуу Science Translational Medicine журналы кабарлады.

Профессор Сильвестро Мичера баш болгон хирургдар тобу операциялык жол менен Сөренсендин сол колундагы нерв жипчелерине электроддорду туташтырган. Ал электрод зымдары бионикалык жасалма колдогу туюп-сезген сенсорлорго уланган. Сезгичтер компьютердик алгоритмдерди туюнтуп, сигналды нерв жипчелерине жөнөтүп, ал аркылуу адамга туюп-сезүүгө мүмкүнчүлүк берген.

"Менин үй-бүлөм үчүн Римге барып бул тажрыйбага катышканым жаңылык болду. Үч уулум сол колума туташтырылган зымдардын айынан мени “зым киши” деп тамашалап жатышты", – деди ольборгдук Сөренсен.

Клиникалык тажрыйбалар учурунда протез бир жума бою ар күнү бейтаптын колуна туташтырылган электроддорго улаштырылды. Жыйынтыгында Сөренсен буюмду канчалык бекем кармаганын көзөмөлдөй алды. Ал ошондой эле колундагы буюмдун формасын жана курамын сезүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Бионикалык жасалма кол.

​Изилдөөчүлөрдүн айтымында, бул – нейропростетикадагы туюмду калыбына келтирген жана бейтапка жасалма колду толугу менен көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн берген биринчи протез. Бул чоң ачылыш болгону менен, бионикалык жасалма дене мүчөлөрү бир нече жылдан кийин гана кеңири тарап, сатыкка коюлат. Сөренсендин айтымында, ал келечекте дагы илимий эксперименттерге катышууга даяр. Бейтаптын психологиялык күчтүү эрки мындай тажрыйбалар үчүн маанилүү.

- Бул сыяктуу узак убакытка созулган эксперимент татаал. 50–60 адам курчап, сенден ар кандай маалыматтарды алып турат. Аны менен бирге, электроддорду туташтыруу операциясы жана аларды кайра алып салуу – 30 күн ичиндеги эки чоң операция. Ошондуктан психологиялык жактан күчтүү, даяр болушуң керек, – деди Сөренсен.

Бул биринчи үлгү болгондуктан, бионикалык протезди илимпоздор кайра чечип алып калышкан. Күтүүсүздөн колдуу болуп, кайра андан ажырап калуу Сөренсен үчүн оңойго турган жок.

- Протезди чечип алышты. Бирок мындай эксперимент учурунда бул түбөлүктүү эместигин башынан эле билесиң да. Андай болсо да, бул илим үчүн чоң кадам. Мендей адамдардын баарына бул сыяктуу протездер жетсе укмуштуудай сонун болоор эле. Келерки жылдарда мындай жасалма колдор сатыкка коюларынан күмөн санабайм, - деди Сөренсен.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бионикалык колдор фантастика эмес