Сот Юрий Низовскийди үй камагына чыгарды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектеги №61 мектептин директору Юрий Низовский 16-сентябрга чейин үй камагына чыгарылды. УКМК 30 жылдан бери мектепти жетектеген Низовскийди “ата-энелерден туруктуу акча алып турган коррупциялык схема түзгөн” деп айыптаган. Азырынча мындай айыптоого анын адвокаты же жакындары комментарий бере элек. Тарапташтары директордун мүлкү жөнүндөгү маалымат чындыкка дал келбей турганын айтууда.