Бишкектеги Айтматов көчөсү кеңейтилет. Бак-дарак эмне болот?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектисинин Ахунбаев көчөсүнөн Горькийге чейинки бөлүгүн кеңейтүү иштери жүрүүдө. Учурда айрым тилкелер казылып, тыгын болуп, шаар тургундары үчүн ыңгайсыз болууда. Долбоорго ылайык, проспект ар бир багытка үч тилкелүү болот. Бирок шаардыктар жолду кеңейтүүнүн айлана-чөйрөгө, өзгөчө жол боюндагы бак-даракка тийгизген таасирине кабатыр болууда.