Бийликти кескин сындаган Сыргак Кенжебаев чет өлкөдө кармалып, Бишкекке жеткирилди
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Чет өлкөдө бийликти социалдык тармактар аркылуу сындап келген ишкер, активист Сыргак Кенжебаев кармалып, Кыргызстанга алып келинди. ИИМ аны жапырт башаламандыкка айыптап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Кенжебаев кайсы өлкөдөн кармалганы жөнүндө маалымат берилген жок.Талдоочулар бийликтин мындай аракетин сын-дооматтарга ачык жооп берүүнүн ордуна күч колдонуу деп мүнөздөсө, айрымдары активисттин билдирүүлөрүндө мыйзам бузуу болгонун айтууда.