Борбор Азия лидерлери Москвадагы парадга катышабы?

Москванын борбору катуу кайтарууга алынды. 7-май 2026-жыл

Кремл Жеңиш күнү алдында жарыялаган ок атышпоо тартиби көп өтпөй бузулду. Украина менен Орусия бири-бирине сокку урганы кабарланды. Ал арада 9-майда Кызыл аянттагы парадга Борбор Азиядан өзбек жана казак президенттери катышары белгилүү болду. Бирок баштапкы тизмеде аймактын лидерлери жок болчу.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусия "фронтто ок атууну жок дегенде символикалык түрдө токтотуу аракетин көрбөгөнүн" 8-майда эртең менен жазды. Анын айтымында, орус аскерлери аткылоону улантып, майдан сызыгында чабуул коюу аракетин көрүп, дрон менен сокку уруп жатышты.

Украинанын Абадан коргонуу күчтөрү түн ичинде орусиялык 67 пилотсуз учак сокку урганын билдирди.

Днепропетровск облусунун губернатору Александр Ганжанын маалыматында, аймак кеминде 30 жолу “дрон, артиллерия жана ракета” чабуулдарына кабылды. Жетекчи үч киши жабыркаганын, 10 чакты жер там жана менчик машиналар зыян тартканын кошумчалады.

Зеленский бул соккуларга жооп кайтарыларын эскертти.

Ярославлдагы "согушту каржылаган" мунай ишканасына сокку

Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги жүздөгөн украиналык дронду жана Украина өзү чыгарган алты “Нептун” ракетасын атып түшүргөнүн билдирди.

Орусиялык телеграм-каналдар Ростов, Ярославль, Перм жана Чеченстандын тургундары түтүн асманга карай көтөрүлүп жаткан видео-сүрөттөрдү чыгарышты.

Ярославль облусундагы мунай иштетүүчү ишканага урулган соккуну Зеленский өзүнчө белгиледи. Анын айтымында, ал согушту каржылоодо Орусия үчүн чоң мааниге ээ өндүрүш болгон.

“Украинанын куралдуу күчтөрүнө жана аскер чалгын кызматына мындай адилеттүүлүк үчүн ыраазычылыгымды айтам. Орусиянын биздин шаар-кыштактарыбызга койгон чабуулдарына Украинанын узакка жетүүчү жабдуулары жооп кайтарып жатты. Орусия чыныгы тынчтыкты тандашы керек. Андайга катуу басым кылуу жолу менен гана жетсе болот”, - деп жазды Зеленский. Украин лидери орус аймагына жасалган чабуулдарды чанда гана комментарийлейт.

Astra телеграм-каналы жазгандай, Ярославлда “Славнефть‑ЯНОС” ишканасы өрттөнүп жатат. Борбордук федералдык округдагы эң ири мунай иштетүүчү заводду “Роснефть” жана “Газпром” компаниялары көзөмөлдөйт.

Өз кезегинде Москва шаарынын мэри Сергей Собянин да баш калаа бутага алынганын, жыл башынан бери мындай ири чабуулдар сейрек жасалганын белгиледи.

Орусиянын Коргоо министрлиги “атышпоо режимин бузууга жооп кайтарганын жана каршы тарапка сокуу урганын” билдирди.

Кремль урушту 8-9-май күндөрү токтотууну сунуш кылган. 9-майда Москвадагы Кызыл аянтта Жеңиш күнүнө арналган парад өтмөкчү.

Киев аны четке кагып, согушка чекит коюу үчүн 6-майдан тарта узак мөөнөттүү жарашууну жарыялоону жактаган.

"Москвадагы бир киши согушсуз жашай албаса, бир параддан башка эч нерсени ойлобосо, бул таптакыр башка кеп”, - деп айткан Зеленский 6-майда.

Ал эми Украинанын тышкы иштер министри Андей Сибига "Москва согуштук аракеттерди токтотуу үчүн дагы бир реалдуу жана адилет чакырыкты көз жаздымда калтырды", - деп билдирди.

Башкы дипломаттын айтымында, Орусия тынчтыкка умтулбаганын, ок атышпоону сунуштоо менен Москвада аскердик парад өткөрүүнү гана көздөгөнүн далилдейт.

Путин Жеңиш майрамын аскердик кубатын даңазалоо үчүн колдонот

Орусиянын президенти Владимир Путиндин тушунда Жеңиш майрамы советтик жана орусиялык аскердик тарыхты, Украинадагы урушту даңазалаган эң маанилүү майрамга айланып калды.

Аналитиктер белгилегендей, президент парадды өз үстөмдүгүн, өлкөнүн аскердик кубатын көргөзүү, Экинчи дүйнөлүк согушту бүгүнкү геосаясий кырдаал менен байланыштырган риторика үчүн пайдаланып келет. Атүгүл Москва нацисттик Германия менен күрөшкөндөй Батыштын коркунучуна туруштук берет деп ишарат кылганы бар.

Өткөн жылы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадда жасаган 10 мүнөттүк кайрылуусунда Путин Украинадагы согушту сөз кылган эмес. Чоң жоготууларга учурап жаткан куралдуу жаңжалдын ордуна Москва жеңген илгерки согушка басым жасаган.

Лениндин мавзолейиндеги трибунада турган президент Кызыл аянттан өткөн пулемет менен жабдылган оор техника, ракета комплекстерине, жөө аскерлерге байкоо салып, кол булгап кубаттаган.

Быйыл парадга кадеттер менен оор техника катышпайт деп жарыяланган.

Чет өлкөлүк жогорку даражалуу коноктордун саны да сыягы былтыркыга караганда алда канча аз болот.

Кремл Москвага келет деп жарыялаган тизмеде Беларустун жетекчиси Александар Лукашенко, Словакиянын премьери Роберт Фицо, Малайзиянын падышасы Султан Ибрагим жана Даостун президенти Тонглун Сисулит бар. Бирок алардын канчасы параддын өзүнө катышары белгисиз.

Москвадагы парад, 9-май, 2025-жыл.

Борбор Азиянын беш президентинин ал тизмеде жок болуп чыкканы өзгөчө көзгө урунат. Лидерлер акыркы жылдары Кызыл аянттагы парадга үзбөй барып турган. Бешөө тең парадга 2023-2025-жылдары катары менен катышкан.

Бирок 8-майда түштөн кийин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев иш сапары менен Москвага аттанганы анын расмий сайтында айтылды.

Маалыматка караганда, ал Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 81 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат.

Ушул эле күнү казак президентинин кеңешчиси жана басма сөз катчысы Айбек Смадияр Касым-Жомарт Токаев да Москвадагы майрамдык иш-чараларга катышарын билдирди.

Телеграм-каналындагы билдирүүсүндө, Кремл казак лидеринин бул чечимине канааттануусун айтканы жазылган.

Маалымат каражаттары Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 9-майда Бишкектеги иш-чараларга катышарын жазышты.

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян мындан бир ай мурун эле Путинге бул маалда парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштери менен алектенерин айтканын билдирген.

Венгриянын премьери Виктор Орбан апрелдеги шайлоодо утулгандан кийин Кремлдин Европадагы эң жакын өнөктөшү болуп калган Фицо парадга катышпасын айтты.

7-майда орус Тышкы иштер министрлиги бардык чет мамлекеттерди Киевден өз дипломаттарын жана жарандарын чыгарып кетүүгө чакырган. Муну украин армиясы 9-майда Москвага сокку урса, сөзсүз жооп кайтарылат деп түшүндүргөн.

Бир нече күн мурун Кремлге жакын жердеги турак жайга дрон тийген.

Парад алдында орус баш калаасында коопсуздук ар дайым эле күчөтүлөт. Бирок бул ирет жаңы саамалык киргизип, бийлик мобилдик интернет чектелерин эскертти.

Санарип өнүктүрүү министрлиги 9-майда “Жеңиш күнүнө арналган иш-чаралардын коопсуздугун камсыздоо максатында мобилдик интернет, SMS кат алмашуу кызматтары убактылуу чектелерин билдирди.

Байланыш операторлору 4-майдан тарта эле Москва жана Санкт-Петербург шаарларындагы абоненттерге 5-майдан 9-майга чейин мобилдик байланыш чектелиши мүмкүн экенин эскерте баштаган.